Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Элчилик Москвада сабалган секелектен улам тиешелүү органдарга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусунда туугандарынын балдарын багып жүргөндө сабалган 11 жашар кызга байланыштуу маалымат таратты. Анда ал секелекти былтыр күзүндө 1994-жылы туулган таежеси, Кыргызстандын жараны эки баласын бактыруу үчүн алып кеткени айтылат.

“Окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек Т.С. аттуу кызга күч колдонулганы аныкталган. Кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Анын абалы канааттандырарлык, көзүндө жана колдорунда көгала тактар бар, ошондой эле ал психологиялык басымга кабылганы байкалат”, - деп айтылат маалыматта.

Элчилик бул окуяга байланыштуу Москва облусунун полициясына, ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тиешелүү чараларды көрүү тууралуу кайрылды.

Ур-токмокко кабылган секелек учурда Москвада Өзгөн коомунун төрагасы Алтынбек Маматасановдун үйүндө жашап жатат. Маматасанов социалдык тармактарга видео кайрылуу жасап, үй-бүлөсү менен Кыргызстанга 2-июнда барганда өздөрү менен кошо ала барышарын айткан.

Зомбулук көргөн секелек тууралуу Москвадагы айрым мигранттар жана Кыргызстандагы "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан, социалдык тармактарга видеолор жарыяланган.

Укук коргоочулардын билдиришинче, Орусияда жүргөн айрым кыргызстандыктар көп учурда алысыраак туугандарынын өспүрүм, секелек кыздарын алып кетип бала бактырган учурлары кадыресе көрүнүшкө айланган.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны бир миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG