Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Жолболдуеванын иши: милициянын маалыматын Акыйкатчы институту төгүндөдү


Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган.
Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган.

Акыйкатчы институту Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын камактагы блогер Батмакан Жолболдуевага байланыштуу соңку маалыматын жокко чыгарган билдирүү таратты.

Анда блогер милициянын убактылуу кармоочу жайында жатканда жанын кыюуга аракет жасаганы, буга байланыштуу аталган институт Башкы прокуратурага кайрылып, Жолболдуеваны ошол абалга жеткирген кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөнү белгиленген.

"Баткен облустук милициясынын Ички кызматтык иликтөө кызматы Батмакан Жолболдуева тергөө абагында колунун тамырын кесип жибергенден кийин текшерген. Анда блогер орой мамиледен, моралдык басым-кысымдан улам ушундай кадамга барганын айткан. Мындан улам тергөө абагынын башчысына жана кызматкерлерине каршы арыз жазган", - деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту Жолболдуеванын ишине байланыштуу жергиликтүү милициянын 11 кызматкерине сөгүш, ал эми беш кызматкерине катуу сөгүш берилип, милиция башчысынын орун басарына кызматтан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чарасы көрүлгөнүн маалымдаган. Көп өтпөй облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты төгүндөп, ал кызматкерлерге убактылуу кармоочу жайда табылган мыйзамсыз буюм-тайымдардан улам тартиптик жаза берилгенин билдирген.

Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

37 жаштагы Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG