Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Пионер уюмунун мааракесин белгилөө боюнча министрлик тапшырма берген


Мектепте коюлган Лениндин бюсту.
Мектепте коюлган Лениндин бюсту.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу билим берүү жайларына атайын тапшырма берилгенин "Азаттыкка" ырастады. Анда мааракени белгилөөнүн "саясий жана идеологиялык өңүтү жок экенин, советтик идеологияны даңазалоого багытталбаганы" айтылат. "Демилгени мамлекеттик катчы (Сүйүнбек Касмамбетов) колдогону, министрликтин тапшырмасы сунуш катары эле берилгени" белгиленген.

Мунун алдында социалдык тармактарга аталган министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасынын сүрөтү жарыяланган. Анда бул иш-чаралар "балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл" деп жазылган. Документке билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.

Өткөн аптада пионерлер кыймылынын 100 жылдыгына карата Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылганы талаш-талкуу жараткан. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бул окуяны "өзүм билемдик" катары сыпаттап, атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирген.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG