Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Милиция акыйкатчынын блогер Жолболдуева тууралуу маалыматын четке какты


Батмакан Жолболдуева.
Батмакан Жолболдуева.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Акыйкатчы институтунун камактагы "блогер Батмакан Жолболдуеванын айынан милиция кызматкерлерине чара көрүлдү" деген маалыматын четке какты. Анда Баткен райондук милициясы менен андагы убактылуу кармоочу жай текшерилгенин, мыйзамсыз сакталган буюмдар табылгандыктан 18 кызматкерге тартиптик жаза берилип, бир кызматкер иштен алынганы айтылат.

Мунун алдында Акыйкатчы институту блогердин ишине байланыштуу жергиликтүү милициянын 11 кызматкерине сөгүш, ал эми беш кызматкерине катуу сөгүш берилип, милиция башчысынын орун басарына кызматтан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чарасы көрүлгөнүн маалымдаган.

Анда журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары Жолболдуева кармалгандан бери акыйкатчы анын тергөө абагындагы кармоо шарттары, укуктук камсыздалышы боюнча тийиштүү аракеттерди көрүп жатканы айтылган.

Жолболдуева Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалып, камакта отурат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

37 жаштагы Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG