Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Ютуб Украинадагы согушту "атайын операция" деп атаган каналдарды жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинага бастырып кирген үч айдын аралыгында Ютуб тогуз миңден ашык каналды жапты. Ошондой эле 70 миңден ашык видеону согуштук аракеттер тууралуу туура эмес маалымат камтылган деген негизде жүктөөгө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Анда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги менен байланышы бар каналдарга согушту "куткаруу миссиясы" катары сүрөттөгөн видеолорду жүктөөгө убактылуу тыюу салынганы айтылат. Бийликчил журналисттердин, телеканалдардын каналдары жабылган.

Ютубга Орусиядан 90 миллионго жакын адам катталган. Өлкөнүн санарип өнүктүрүү министри Максут Шадаев бул платформа жабылбай турганын билдирген. Бирок ошону менен катар эле Гугл, анын ичинде Ютубга тыюу салынган маалымат жарыяланганы үчүн Москва аларга ири суммадагы айып пул салып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG