Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Бишкектеги мектептерде окуучулар эки эсе ашыкча кабыл алынганы айтылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарындагы мектептерде 177 миң бала билим алууда. Бирок башкалаадагы 97 мектеп 76 миң балага гана ылайыкташкан.

Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов 24-майда Жогорку Кеңештин ордо калаадагы курулуштарды иликтеген комиссиясынын жыйынында айтты.

Анын билдирүүсүндө, Бишкектеги мамлекеттик 90 бала бакча 14 миңден ашык балага ылайыктуу болсо, учурда 25 миң бала кабыл алынган.

Бала бакчалардын жетишсиздиги Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири. Расмий маалымат боюнча өлкөдө наристелердин 40% гана бала бакчага барат.

Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда кишинин саны көбөйгөндүктөн, балдарды мектепке киргизүү дагы көйгөй жаратып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG