Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ИИМ абак жайга баңги зат киргизген канал аныкталганын билдирди


Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги 25-майда жабык жайлардын бирине эки килограммдан ашык кара куурай чайырын киргизүүгө аракет кылган эки жаран кармалганын билдирди.

Расмий маалыматта, кармалгандар Жалал-Абад облусунан 27 жаштагы Ч.Т. жана Чүй облусунун мурда соттолгон, 29 жаштагы жашоочусу К.А. болгон. Алар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, кылмыш иши козголду.

Кармалгандардын жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде уюшкан шериктери да бар экени аныкталган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн биринин үйүн тинтүүдө 1 килограммга жакын "гашиш" табылганы маалыматта айтылат.

Андан ары иликтөө учурунда Жазаларды аткаруу кызматынын №1 мекемесинде отургандар менен кылмыштуу байланышы бар экени аныкталып, жазасын өтөп жаткан үч адамга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айып тагылды.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Тажикстан-Кыргызстан-Казахстан-Россия" каттамы боюнча ири өлчөмдөгү апийим чийки затын ташыган топтун кармалганын билдирди. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн биринин Х.Т.У. аттуу жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги зат менен кармалган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG