Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруканага жеткирилди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология борборуна жеткирилгенин адвокат Замир Жоошев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 25-апрелде Атамбаевге байланыштуу чечим чыккан болчу. Медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу өтүнүч канааттандырылган. Бүгүн ошол чечим ишке ашырылып жатат”,-деди жактоочу Замир Жоошев.

Маалыматты мурдагы президенттин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев тастыктады. Азырынча жакындарына Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга уруксат бериле электигин айтты.

Мурдагы президент 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурат. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бир аз убакыт эркиндикте болгон.

2020-жылдын октябрь айындагы жапырт башаламандык боюнча акыркы жараян 25-апрелде өтүп, Атамбаев алып келинген эмес. Жараянда ага Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтүүгө уруксат берилгени айтылган.

Ага чейинки сот отурумдарында ал ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган мурдагы президентке сот отурумдары болуп жаткан учурда бир нече жолу "Тез жардам" чакыртылган. Жакындары жана адвокаттар Атамбаев ооруканада жатып, дарыланышы керектиги тууралуу дарыгерлердин сунушу бар экенин билдиришкен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG