Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Эсеп палатасынын беш аудитору шайланды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

25-майда Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын беш аудиторун шайлады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин квотасы боюнча Уран Жумагулов менен Бадахшан Рыскулиев, парламенттин квотасына ылайык, Вадим Садовников (Ынтымак фракциясы), Пардаали Батиров (Элдик депутаттык тобу) жана Азамат Раматилаев (Ата-Журт - Кыргызстан фракциясынан) шайланды.

Буга чейин парламенттик квота боюнча аудиторлук кызматка Улан Сатимбаев (Бүтүн Кыргызстан) менен Адамбек Түркбаев (Ишеним) дагы сунушталып, бирок тиешелүү добуштарды ала алышкан эмес.

Президент Садыр Жапаров 10-майда "Кумтөр" кенинин соңку бир жылдагы каржылык жаша башка ишмердүүлүгүн текшерүүгө Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, анын жыйынтыгы эки айдан кийин жарыяланарын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG