Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстанда балыктын жети түрү жок болуу коркунучунда


Архив сүрөт. Жалал-Абад облусундагы Кайырма суу сактагычындагы балыкчылардын арасындагы сынак. 27-июнь, 2015-жыл.

Кыргызстандын экологиялык активисттери балыктардын жашоосуна жана миграциясына тескери таасир эткен иш-аракеттер көбөйгөнүн айтып келет. Окумуштуулардын айтымында, буга климаттын өзгөрүшү да кошул-ташыл болууда.

Cуудагы биотүрдүүлүктү сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн 21-май – Балыктардын миграциясынын дүйнөлүк күнү 2014-жылдан бери белгиленип келет.

Адатта балыктардын миграциясына суудагы аба менен азыктын абалы, урук таштоо мезгили, жырткычтар тарабынан туулган коркунучтар себеп болот.

Экологиялык активист Азамат Ысык-Көл менен Суусамыр дарыясында браконьерлер балыктарды бара-бара тукум курут кылышы ыктымал деп чочулайт.

"Бир кезде Ысык-Көлдө чабак таптакыр жоголуп кеткен. Соңку эки жылдан бери кайра пайда болуп калды. Жээктен эле кайырмак менен кармаса болот. Көп эмес, бирок бар. Ысык-Көлдө браконьерлер торлорду чакырымдап жайышат. Чабактар жоголуп кеткен мезгилде алар беш чакырым тор таштап, бир килограмм чабак кармаганын айтып бергени эсимде. Суусамырда Кожомкул деген айыл бар. Ал жерде жергиликтүү жигиттер ат менен бридинг кылат. Дарыяны бүт бойдон жаап, балык кармашат. Бир ат менен өйдө жагынан, бирөөсү менен төмөн жагынан кирип, 30-40 метр торду таштайт да, бүт дарыяны тазалап кетишет. Ушуну эки-үч жыл мурда өз көзүм менен көргөм".

17-май күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин Жарандык активдүүлүк борборунда жергиликтүү жана эл аралык эксперттер Кыргызстандын сууларындагы балыктардын абалын талкуулады.

Ал жерде экологиялык ыктыярчы, "Ысык-Көлдү торлордон тазалайбыз" уюмунун мүчөсү Анвар Шамсутдинов өз турмушунда кезиктирген браконьердин бейнесин сүрөттөп берди.

Анвар Шамсутдинов
Анвар Шамсутдинов

"Жээк бойлоп кетип бараткам. Балык кармап жүргөн браконьерди көрүп калдым, ал да мени көрдү. Мен ага жакын келип, ал-жай сурашып, "сизди бул ишти жасоого чындыгында муктаждык мажбур кылса керек" деп айттым. Анткени 90-жылдары турмуштан каржалган эл көлдө балык калтырбай кармап жешкен болчу. Ал кезде турмуш оор болгондуктан, элди түшүнүүгө болоор эле. Мен дагы деле жокчулукта жашагандар бар окшойт деп ойлодум. Ал "ооба, кыйынчылыкта жашап жатабыз, ошондуктан ушундай иштерди кылууга мажбурбуз" деди. "Тор менен кармап жатасыңарбы же кайырмак мененби?" дедим. Ал "мен жакшы браконьермин, бизде айрымдар бар, балыктар урук таштоо үчүн Кара-Талаа жактагы дарыяга барганда бирин калтырбай, тор айрылганча кармап кетет" деп жооп берди. Мен ага Тору-Айгырда жыйын өткөрүп жатабыз, келип айылдаштарына турмуштагы көйгөйлөрү тууралуу айтып берүүнү сунуштадым. Бирок, ал келген жок. Кийин Биосфералык аймакта жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинде иштеген тааныштарыма ал кишини сүрөттөп берсем, анын жергиликтүү депутат экенин айтышты".

Фотожурналист, экологиялык активист Владислав Ушаков Кыргызстандын дарыяларында балыктардын эндемикалык түрү азайып жатканын белгилеп, буга түрткү болгон жагдайларды санап өттү.

Владислав Ушаков
Владислав Ушаков

"Балыктын эндемикалык түрлөрү кетип, алардын ордуна форель сыяктуу коммерциялык багытта багылган балыктар көбөйдү. Чүй, Фергана, Нарын өрөөндөрүндөгү дарыялардын дээрлик баары антропогендик таасирлерден улам булганууда. Маселен, Нарын дарыясы бүт өлкөнү аралап агат. Ал эми Нарын шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайлар иштебейт. Дааратканалардан чыккан саркынды агып барып дарыяга кошулуп кетет. Эч кандай механикалык, биологиялык тазалоо жок. Жыл сайын күйүүчү май ташыган унаалардын кулашынан улам Нарын дарыясына жүздөгөн тонна бензин, керосин, мазут төгүлүп турат. Ушундан улам барган сайын суу булганып, балык азайды".

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун окумуштууларынын маалыматында, Ысык-Көлдө акклиматташтыруу үчүн четтен алып келинген севан форели, судак, элеотрис, амур чабагы кийин жырткычка айланып, Ысык-Көлдүн жергиликтүү балыктары алардын жемине айланып жок болуп кетүү коркунучу туулган.

Чүй өрөөнү. 2018-жыл.
Чүй өрөөнү. 2018-жыл.

Кыргыз өкмөтү 2003-жылы Ысык-Көл менен Соң-Көлдөн өндүрүштүк багытта балык кармоого мораторий киргизген.

Илимдер академиясынын окумуштуулары мораторийди балыктардын баарына эмес, эндемикалык жана коммерциялык балыктарды кармоого киргизүүнү сунушташкан. Бирок, өкмөт бардык балыктарды кармоого тыюу салып, ал тыюу 13 жыл бою, тагыраагы 2017-жылдын май айына чейин өзгөрбөй келген. Бул мезгил ичинде жалаң браконьерлер гана мыйзамсыз балык уулап, бирок өндүрүштүк деңгээлдеги балык кармоо жүргүзүлгөн эмес.

Мындан улам аталган көлдөрдөгү жырткыч балыктар көбөйүп, алар башка балыктардын икрасы менен личинкаларын жеп салгандыктан, эндемикалык балыктардын жоголуп кетүү коркунучу жаралган.

Кыргызстандын жети балыгы жоголуп кетүү коркунучунда

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаева Кыргызстанда соңку кезде кызыл китепке кирген балыктын түрлөрү көбөйүп жатканын айтты.

Шайгүл Асылбаева
Шайгүл Асылбаева

"Кыргызстанда алгачкы кызыл китеп 1987-жылы басылып чыккан. Ошондо ага балыктын бир эле түрү киргизилген болчу. 2007-жылы кайра басылган кызыл китепке, тилекке каршы, балыктын жети түрүн киргизишкен. Өзгөрүүнү элестетип жатасызбы? Жыйырма жылдан кийин балыктын жети түрү кошулган. Ушундан эле балыктын саны кандай өзгөрүп жатканын көрүүгө болот. Ысык-Көлдө 1960-жылдарга чейин балыктын 20 түрү болсо, аклиматизациядан жана элеотрис, амур чабагы өңдүү кокустан келип калган жырткычтардан улам, биздин эсептөөлөргө караганда балыктардын түрү 24кө жеткен. Жалпысынан Кыргызстандагы бардык көлмөлөрдү алсак, биздин эсептөөлөрдө балыктын 74 түрү бар".

2006-жылы Ысык-Көлдүн экосистемасында судак менен кубулжума форелдин пайда болушу менен көлдүн эндемикалык ихтиофаунасында кескин өзгөрүүлөр башталган. Алар Ысык-Көлдүн көк чаар, чабак өңдүү эндемикалык балыктарын дээрлик түгөтүп коё жаздашкан.

Натыйжада, 2007-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине кашка балык, учтуу канат, теңге балык, түркстан ит муруну, сазан кара балыгы, көк чаар жана жаян балык киргизилген.

Илимпоздордун байкоосунда климаттын өзгөрүшүнөн улам суунун муздак болушу балыктардын урук таштоо мезгилин өзгөртүп жатат.

Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин консультанты Чынара Иманкулова мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы менен укуктук талаадагы кемчиликтерден улам браконьерлерге каршы күрөштүн жыйынтыгы болбой жатканын айтты.

Чынара Иманкулова
Чынара Иманкулова

"Эмне себептен биз браконьерлер менен активдүү күрөшө албайбыз? Менин эсимде, советтик мезгилде бир белгилүү окумуштуу браконьерлердин колунан каза болгон, аны чөктүрүп салышкан. Браконьерлер азыр GPS-навигаторлор, кымбат телефондор жана каражат менен жабдылган. Биздин департаментте болсо бир желим кайык жана жалгыз адис бар. Ал кайда жетишмек эле? Ысык-Көлдүн бети эле 500 миң гектардан ашуун. Ал эч нерсеге жетишпейт. Мындай иштерге мамлекеттен акча бөлүнбөйт. Бизде таасир этүүчү механизмдер жок. Биз болгону акт гана түзө алабыз. Эгерде протокол түзүү, кармоо сыяктуу укуктарыбыз болгондо, инспекторлорду же башка кызматтарды тартып, браконьерлер менен күрөштү күчөтмөкпүз".

Плотина балыктарга тоскоолбу?

Окумуштуулар дарыядагы балыктардын азайышына браконьерлик, плотиналарды куруу, сууну булгоо жана климаттын өзгөрүшү өңдүү бир нече факторлор себеп экенин айтышат.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы табият фонду плотиналар дарыянын бассейнинин экосистемасын жабыркатарын айтып, коңгуроо кагып келет.

Фонддун айтымында, балыктардын жашоосу дарыянын абалына жана гидрологиялык режимине тыгыз байланыштуу.

The Nature Conservancy глобалдык экологиялык бейөкмөт уюмунун улук илимий кызматкери Жошуа Ройт дарыялардагы курулуштар балыктардын жашоосуна тескери таасирин тийгизерин белгиледи.

Джошуа Ройт
Джошуа Ройт

“Дарыяларды коргоо абдан маанилүү. Анткени дарыялар ар дайым өзгөрүп турат. Балыктар анын агымы менен жогору карай сүзөт. Биз курган ири гидроэлектр станциялары менен плотиналар балыктардын миграциясына ар кандай деңгээлде таасир этет. Анткени, курулуштан улам дарыянын нугу өзгөрөт. Америка Кошмо Штаттарында плотиналарды бузуп, алып салат. Бул абдан кымбатка турган, бирок кардиналдуу ыкма. Азыр Европа өлкөлөрү да ушундай ыкмага өтүп жатат. Америка плотиналардын балыктарга жараткан көйгөйүн аңдап-түшүнүп жатат”.

Жергиликтүү экологдор климаттын өзгөрүшү дарыя сууларынын көлөмүн жана нугун өзгөртүп тургандыктан балыктардын жашоосуна кооптуу жагдайларды жаратарын белгилешет. Абанын ысышы тоолуу өлкөлөрдө дарыялар менен көлдөрдүн экосистемасын өзгөртүп жатат. Буга кошумча, кишинин айлана-чөйрөгө зыяндуу иш-аракеттери балыктардын кескин азайышына алып барууда.

Борбор Азиядагы Америка университетинин Экологиялык туруктуулук жана климатология кафедрасынын доценти Сагынбек Орунбаев Кыргызстандын өзөндөрүндөгү балыктардын шар агымга каршы сүзө алган жөндөмү алардын дарыядагы миграциясында көп артыкчылык берерин белгилейт.

Сагынбек Орунбаев
Сагынбек Орунбаев

"Талаа илимий иштеринде жүргөндө көп байкагам. Мисалы, рельефтин 30-40 градустук кыйшаюусунда суунун багытына каршы сүзгөн балыктарды көргөм. Мындай 30 градустук кыйшаюудагы суунун багытына каршы жүрүү балыктар үчүн өтө чоң күчтү талап кылат. Ошого карабай, биздеги балыктар ошондой жогорку рельефке сүзүп барууну өздөштүргөн жөндөмгө ээ. Ошондуктан, биздеги балыктар тогоондор, сууну кошумча чыгаруучу каналдар аркылуу жеңил эле жогору карай сүзүп өтө алат деп ойлойм".

Орунбаевдин пикиринде, Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгү жайыттардан тургандыктан, мал чарбачылыгы дарыялар менен көлдөрдөгү биотүрдүүлүккө жана балыктардын жашоосуна көп зыян келтирет.

Илимдер академиясынын окумуштууларынын белгилөөсүнө ылайык, эндемикалык балыктардын жоголуп кетиши көлдүн же дарыянын биотүрдүүлүгүнө тескери таасирин тийгизет. Биотүрдүүлүктүн жакырданышы суунун бүтүндөй экосистемасынын бузулушуна алып барышы мүмкүн.

Балык чарба департаменти 2021-жылы Ысык-Көл менен Соң-Көлдө 32 тонна зыянкеч балыктарды кармап, жок кылган. Ошол эле жылы Ысык-Көл менен Соң-Көлдөн жана Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарына мыйзамсыз салынган 105 миң 600 метр тор алынган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-20-май күндөрү жүргүзгөн атайын иш-чаранын алкагында Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү, Кутургу, Чоң-Өрүктү, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой жана Тору-Айгыр айыл аймактарында эле балык корлоруна зыян келтирген 3300 метр синтетикалык торлор жок кылынды. Муну менен катар мыйзамсыз жол менен балык кармап жүргөн жергиликтүү жаран кармалып, жанынан 300 метрге чукул тор жана балык табылган.

Ысык-Көлдө балык көбөйтүүнү көздөгөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG