Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Милиция кызматкерлери далил катары алынган баңгизатты уурдаган деп айыпталууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Башкы прокуратура Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган 834 грамм баңгизатынын (каннабис чайыры) 174 граммын уурдап алганы аныкталганын билдирди.

Мекеменин 25-майдагы маалыматына караганда, учурда Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап алып коюу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул ишке канча милиционер айыпталып жатканы так айтылган жок.

ИИМ жана райондук милиция комментарий бере элек.

4-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы менен кайгуул кызматынын инспектору бир килограммга жакын маңзатын бекитип, таркатып жатканда кармалганы жарыяланган. Баткен облусунда Ош облустук милициясынын үч кызматкери баңги зат соодасына аралашууга шектелип кармалган.

15-апрелде Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңгизат сатууга айыпталып колго түшүрүлгөнү расмий кабарланган. Шектүү тараптардан комментарий бериле элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG