Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Электр мамысына асынган абалда сөөгү табылган кишинин тек-жайы такталды


Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, сөөк 25-майда Сузак районунун Комсомол айылында жогорку чыңалуудагы электр мамысында 35 метрдей бийиктикте асынган абалда табылган.

Болжол менен 22-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек киши асылып тургандыгы тууралуу маалымат “102” кызматына түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу барып, маркумдун сөөгү милицияга өткөрүлүп берилген.

Райондук милиция соттук-медициналык экспертиза дайындап, анын тек-жайын аныктаганы айтылды.

Маалыматка караганда, ал Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну болуп чыкты. Окуянын чоо-жайы белгисиз. (JsA\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG