Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Сеул Пхеньян атомдук бомбаны сыноодон өткөрөт деп күмөн санады


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдө жасалган куралды көрүп жаткан учуру.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөдө жасалган куралды көрүп жаткан учуру.

Түндүк Корея жакын арада от алдыруучу каражатын текшерүү үчүн атомдук бомбаны сыноодон өткөрөт. Бул тууралуу "Рёнхап" маалымат агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кызматына таянуу менен кабарлады.

Сеулдун маалыматына караганда, ыктымал сыноо Орусиянын чек арасынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан Пунгери полигонунда болот.

Түндүк Корея 1993-жылы Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткаруудан баш тарткан жана 2006-жылдан бери кеминде алты жолу атомдук жардыруу жасаган. Акыркысы 2017-жылы сентябрда жарылган. Өзөктүк жана ракеталык куралдарды иштеп чыгуу аракеттерине байланыштуу өлкөгө эл аралык санкциялар салынган.

Пхеньян өткөн шаршембиде эле Жапон деңизин көздөй үч баллистикалык ракета атып, сыноо өткөргөн. Анын бири континенттер аралык ракета экени айтылган.

Жардыруулар жана сыноолор АКШнын президенти Жо Байдендин Азия турнесинин алкагында Түштүк Кореяга сапарына туш келип жатат. Байден анда Пхеньянга каршы катаал багытты карманган Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолуккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG