Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Талибдер менен Дүйшөмбүнүн чатагы ырбап баратат


Орусия, Казакстан жана Беларустун аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Орусия жетектеген машыгуусунда. Тажик-ооган чегарасына жакын Харб-Майдон машыгуу жайы. 2021-жыл, октябрь.
Орусия, Казакстан жана Беларустун аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Орусия жетектеген машыгуусунда. Тажик-ооган чегарасына жакын Харб-Майдон машыгуу жайы. 2021-жыл, октябрь.

Ооганстанда бийликке келген талибдер менен кошуна Тажикстандын ортосундагы мамиле соңку аптада ого бетер курчуду. Акыркы окуяда талибдер Тажикстан менен чек арасын жаап, Ооганстанга товар ташып барган тажиктердин ондогон жүк машинелерин кармады.

Дельшад бир аптадан ашык убактан бери Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Шерхан-Бандар дарыя портунан кете албай турат. Ал тажикстандык башка ондогон айдоочулардай эле ушул айдын башында Ооганстанга көмүр ташып келген. Бирок талибдер алардын кайтып кетишине жол бербей 10-майда чек араны жаап салды.

“Биз эч каякка кете албайбыз”, - деген Дельшад “Азаттыктын” тажик редакциясынын кабарчысына. Талибдер машинеңерден чыкпай отургула дептир. Дельшаддын айтымында, жүздөй тажик айдоочу чек ара өтмөгүндө кармалып турат.

Дагы бир айдоочу “Азаттыктын” кабарчыларына өз ысымын жашыруу шарты менен буларды айтты:

"Талибдер айрым айдоочулардын машинелерин тартып алып, өздөрүнүн чек арадан өтүп кетишине мүмкүндүк бериптир. Алар жүк машинелерди таштап, үйүңөргө кете берсеңер болот деди”.

Чек аранын жабылышы жана Тажикстандан барган жүк ташыган автоунаалардын кармалышы – Борбор Азиядагы мамлекет менен Ооганстандын радикал маанайдагы бийлигинин ортосунда өчөгүшкөн мамиленин кайрадан курчушунун жышааны.

“Талибандын” жанкечти террорчулар батальонунун мүчөлөрү Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясында.
“Талибандын” жанкечти террорчулар батальонунун мүчөлөрү Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясында.

Тажикстан – кошуна мамлекеттердин ичинен “Талибан” кыймылы региондогу туруктуулукка кооптуулук жаратат" деп Ооганстанда кайрадан бийликке келишине каршы чыккан жалгыз мамлекет. Дүйшөмбү ал тургай талибдерге каршы, негизинен Ооганстандагы тажиктерден турган Улуттук каршылык фронтунун (УКФ) айрым башчыларын кабыл алып же алар менен байланыш түзүп жатат деген кабарлар айтылып келет. Тажикстан бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.

Талибдер бийликти басып алгандан кийин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери менен Ооганстанын 1300 км созулган чек арасына жакын жерде Орусия жетектеген аскердик машыгуу өткөрдү.

“Талибан” Борбор Азияга туташ чек арасын бойлото 400 миӊ жоочусун жайгаштырды. Аталган кыймылдын өкүлдөрү бул кадам аймактагы туруктуулукту камсыздайт дешет. Бирок Ооганстандын түндүктөгү кошуналары буга ишенбей турат.

Талибдер мындан тышкары Ооганстандын түндүк-чыгыштагы Бадахшан жана Тахар аймактарына “Лашкари Мансури” деген аталыш менен таанылган жанкечти террорчулар батальондорун да тизип коюп, Тажикстандын кооптонуусун арттырды. Бул эки аймакта Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн чыккан, көп жылдар бою “Талибан” менен чогуу согушуп келген жүздөгөн жоочулар жашайт.

Бир нече жылдан бери талибдер Дүйшөмбүнүн бийлигине каршы турган тажик тектүү “Жамаат ансаруллох” исламчыл жоочулар тобунун мүчөлөрүн да жашырып, өз катарына да кабыл алууда. Бийликти ээлеп алгандан бир нече ай өткөн соң талиб бийликтери бул топтун жоочуларын Тажикстандын чек арасына которуп койду.

Ооганстанда жашаган кээ бир тажик жоочулар “Талибан” менен атаандаш “Хорасан ислам мамлекети” (Х-ИМ) экстремисттик тобунун мүчөлөрү болуп саналат. Бул топтун өкүлдөрү жакында "Тажикстанга ракеталык сокку урдук" деп билдиришти. Борбор Азия республикалары өз аймагына жоочулардын кирип келишинен чочулап турушат.

Январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын түндүк-чыгышында террорчулардын алты миӊдей жоочусу бар 40тан ашуун лагер жайгашканын айтып, ЖККУну Ооганстанды тегерете коопсуздук алкагын түзүүгө чакырды. Талибдер бул маалыматты кескин түрдө төгүндөдү.

“Ооганстанда талибдер бийлеп турган азыркы чакта Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан эң кооптуу абалда калды окшойт”, - деди Вашингтондогу Atlantic Council (“Атлантика кеӊеши”) талдоо борборунун Ооганстан боюнча эксперти Хамид Хакими.

Анын сөзүнө караганда, Ооганстандагы жүздөгөн тажик жоочуларынын бар экендиги Дүйшөмбү үчүн кырдаалдын кооптуулугун арттырат.

“Талибдердин кошуналар менен болгон чек арасын тескей же коргой албагандыгы соңку 20 жыл аралыгына оогандык чек арачы күчтөр менен кызматташып келген Тажикстандын өкмөтү үчүн өзгөчө баш оору болуп саналат”, - дейт Хакими.

Дүйшөмбү эч кайсы өлкө тааный элек “Талибан” өкмөтү менен мамиле түзгөн жок. Президент Рахмон талибдерди Кабулда тажик тектүүлөрдү да камтыган курама өкмөт түзүүгө бир нече ирет чакырган.

“Талибан” кыймылы бардык ооганстандыктардын атынан бийлик жүргүзүп жатканынан ишендиргиси келет. Бирок талиб өкмөтүндө пуштун тектүүлөр басымдуулук кылат.

“Кошуна өлкөнүн куралчан душмандарын жашырып жатканыӊар аларга согуш ачканга барабар”, - дейт талибдерге жан тарткан мурдагы талаа командири Гулбедин Хекматияр.
“Кошуна өлкөнүн куралчан душмандарын жашырып жатканыӊар аларга согуш ачканга барабар”, - дейт талибдерге жан тарткан мурдагы талаа командири Гулбедин Хекматияр.

“Талибандын” жогорку бийлиги Дүйшөмбү менен болгон мамилесин ачык эле үзүп салууга шашпай келет. Бирок талибдерге жан тарткан мурдагы талаа командири Гулбедин Хекматияр жакында Тажикстанды талибдерге каршылык кыймылынын башчыларына баш калка берди деп күнөөлөп жатат.

“Кошуна өлкөнүн куралчан душмандарын жашырып жатканыңар аларга согуш ачканга барабар”, - деди ал ушул аптада.

Хекматияр “Талибан” Дүйшөмбүнүн куралчан душмандарын кабыл алуу менен жооп кылат деп эскертти.

“Эгер бул ишке ашса, бытыранды абалдагы кичинекей Тажикстандын тагдыры кандай болот?” – деп суроо узатты ал.

“Талибандын” расмий өкүлү Забиулла Муджахид бул топ Тажикстан менен мамилесин жөнгө салууда, эми тараптар өз ара бир катар маселелер боюнча расмий макулдашууга жетишер замат чек ара ачылат деп билдирди.

“Биз эки тараптуу жолугушуу учурунда бул талапты айкын билдирдик”, - деди ал “Азаттыктын” ооган редакциясына берген маегинде.

Хакиминин айтканына караганда, Дүйшөмбүнүн жакын шериктеши Москва тараптарды элдештирүүгө аракет кылууда. Өткөн аптада Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын Ооганстан жактагы чек арасындагы “кооптуу кырдаалды” талкуулашканын айтты.

“Талибан” Москваны Тажикстанга жардам берүүгө түртө турган чек арадан өтүп кеткидей кагылышуунун чыгымдарын көтөрө албайт”, - деп эсептейт Хакими.

Абубакар Сиддиктин макаласы “Азаттыктын” тажик редакциясынын көмөгү менен даярдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG