Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Жапаров ЕАЭБ ичиндеги жүк ташуу маселесин көтөрдү


Евразия экономикалык форуму. 26-май, 2022.
Евразия экономикалык форуму. 26-май, 2022.

Кыргызстанга караганда Орусияга Евразия экономикалык биримдигине кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн айыл чарба товарларын жеткирүү тез болууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык саммитинде айтты.

Өлкө башчысы ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктар жети жылдан берки жолугушуулардын актуалдуу темасы бойдон калып, чек арада түзүлгөн барьер мамилени бузуп, биримдиктин имиджине көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

"Изилдөө көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдүн товарын Орусияга жеткирүү иши уюмга мүчө Кыргызстандын айыл чарба товарын жеткирүүгө караганда кыйла тез жана жеңил. ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынган, ага карабай тоскоолдуктар болууда", - деди Жапаров.

Кыргызстандын төрагалыгы астында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити онлайн башталды. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекке келбей турганы белгилүү болгон.

Буга чейин коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде жалпысынан 14 маселе бар экенин маалымдаган.

Саммитти утурлай 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны онлайн өткөн. Ага Орусиянын президенти, Армения менен Беларустун премьер-министрлери видео байланыш аркылуу, ал эми ошол күнү Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде катышкан.

2021-жылы ЕАЭБга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG