Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Түркмөн президентинин энесине "Эмгек сиңирген килем токуган чебер" наамы ыйгарылды


Түркмөнстандын президентинин энеси Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу эл алдына түрк президенти Ашхабадага келгенде чыккан. 27-ноябрь, 2021-жыл.
Түркмөнстандын президентинин энеси Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу эл алдына түрк президенти Ашхабадага келгенде чыккан. 27-ноябрь, 2021-жыл.

Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедовдун энесине "Эмгек сиңирген килем токуган чебер" ардактуу наамы ыйгарылды.

"Бейтарап Түркмөнстан" өкмөттүк гезитине чыккан маалыматка караганда, мындай наам "өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, килем токуу улуттук өнөрүнө кошуп, көп жылга созулган ак ниет эмгеги үчүн "Түркмөнкилем" ишканасынын "суранычы менен" ыйгарылган.

Мындай наамга Огулгерек Бердымухамедова менен кошо дагы он бир аял татыды. Түркмөнстанда килем майрамы 1991-жылдан бери майдын акыркы жекшембисинде белгиленет.

Түркмөнстандын мурдагы биринчи айымы, азыркы президенттин энеси канча жашта, эмне менен алектенери белгисиз. Биринчи айым кезинде Гурбангулы Бердымухамедов менен чек жактарга барчу эмес. Анын сүрөтү биринчи жолу түркмөн маалымат каражаттарында былтыр гана пайда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG