Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын билдирди


Шавкат Мирзиеев.
Шавкат Мирзиеев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталарын Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.

Мирзиёевдин айтымында, жаңы чакырыктар түштүк жана чыгыш багыттары боюнча альтернативдүү транспорт коридорлорун мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын талап кылууда.

"Жакында биз Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун баштоону пландап жатабыз. Долбоор Азия-Тынч океан аймагынын базарларына чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул багыт Чыгыш-Батыш багытындагы азыркы темир жол линияларын толуктайт”,-деди Мирзиёев.

Өзбекстан быйыл Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине байкоочу катары катышып жатат.

Өткөн аптада Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал долбоорду Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоор деп атап, аны колдоого чакырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

Февраль айында президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN медиакорпорациясына берген маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы арада башталаарына ишенимин билдирген.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргендей, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин февраль айынын башында Пекинде болгон жолугушуусунун темаларынын бири болгон.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG