Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Адвокат Атамбаев жеке клиникага которулбаганын билдирди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менчик клиникага которулбаганын адвокат Замир Жоошев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Атамбаев "Юрфа" менчик клиникасына магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өтүү үчүн жеткирилген.

"Алмазбек Атамбаев менчик клиникага которулду деген маалымат туура эмес. Аны "Юрфа" клиникасына МРТга тартуу максатында гана бир саатка алып барып келишкен. Анткени ал дарыланып жаткан Улуттук кардиология борборунда мындай мүмкүнчүлүк жок".

24.kg маалымат агенттиги Атамбаевди менчик клиникага которушканын жана социалдык тармактарга анын сүрөттөрү чыкканын жазган.

Сот 25-апрелде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Ал 25-майда Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология борборуна жеткирилген.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган мурдагы президент 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурат. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бир аз убакыт эркиндикте болгон.

Ага чейинки сот отурумдарында ал ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган. Сот учурунда бир нече жолу "Тез жардам" чакыртылган. Жакындары жана адвокаттар Атамбаев ооруканада жатып дарыланышы керектиги тууралуу дарыгерлердин сунушу бар экенин билдиришкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG