Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Орусия буудайдын дүйнөлүк жолун бууп турат


Орус армиясы Кара деңизде украин портторун блоктоп, буудай таашыган украин кемелерин кое бербей жатат. Мындан улам дүйнөдө буудайдын баасы эки эсе көтөрүлдү.

Орус президенти Владимир Путин Батыш айрым санкцияларды алган шартта гана украин буудайын экпорттоого жол ачарын убада кылууда.

Украинанын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, учурда Одессанын портторунда 20 миллион тоннадай буудай экспорттолбой, камалып турат. Согушка чейин украин буудайынын 90% Кара деңиз аркылуу четке ташылчу.

Азыр Орусия деңизде 20 аскердик кеме жана суу алдында жүрүүчү төрт кемеден турган флотилья менен украин буудайын эч жакка чыгарбай блоктоодо.

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш айрым санкцияларды алган гана шартта украин буудайын экспортоого жол бере турганын убада кылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Батыш лидерлери Москваны дүйнөлүк азык-түлүк кризисин курал катары колдонуп жатканын сынга алышты.

Буудай маселеси Владимир Путин менен түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын 30-майдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да көтөрүлгөнү маалым болду. Кремл тараткан маалыматка ылайык, Путин бул багытта Анкара менен кызматташууга даяр экенин айткан.

Украина дүйнөнү буудай менен камсыздаган ири экспортерлордун бири. Анын үлүшүнө күн карама майынын 42%, жүгөрүнүн 16% жана буудайдын 9% туура келет. Айрым мамлекеттер Украинанын импортуна аябай көз каранды. Мисалы, Ливан буудайдын 80% Украинадан алат. Ал эми Индия күн карама майынын 76% Киевден импорттойт.

Кара жол менен аз эле көлөмдөгү буудай экспорттосо болот

Андан тышкары Эфиопия, Йемен жана Ооганстан буудайдын 40% Киевден алат. Азырынча Украинадан дан азыктарын кара жол менен эле алып чыгуу мүмкүн. Эң негизги коридор азыр темир жол аркылуу өтөт. Бирок өлкөнүн темир жол системасы Советтер союзунан калган стандарттар менен калгандыктан Евробиримдиктин чек арасына жеткенде товарды жаңы вагондорго жүктөгөнгө туура келет.

Бул болжол менен 16 күндөн бир айга чейинки убакытты алат. Киевдеги Экономика мектебинин эксперти Олег Невьевскийдин пикиринде ири көлөмдөгү дан азыктарын темир жол аркылуу майдалап чыгаруу оор болуп калат.

"Порттор аркылуу агрардык жана башка жүктөр көп экспорттолчу. Жылына биздин порттордон 150 миллион тонна товар чыгарылат. Альтернативдүү жолдор менен азыр жылына 15 миллион тонна гана экспорттосо болот. Бул 10% дегенди билдирет. Рыноктогу чыңалууну бир аз басаңдатып, акырын башка жолдор менен чыгарып туруу керек. Бирок мынча көп көлөмдөгү буудайды майдалап чыгаруу оор. Анын үстүнө бизде жаңы сезон башталып жатат. Июлда түшүм жыйналат. Аны да экспортооо керек. Украинанын өзүнө мынча буудайдын керек жок. Болбосо ал жөн гана чирип кетет, дыйкандар кирешесиз калат. Ички рыноктогу баа дүйнөлүк баадан төмөндөп кетет. Мунун баары жакшы кырдаал эмес", - деди ал "Настоящее время" каналына курган маегинде.

Невьевскийдин эсебинде согушка чейин дыйкандар жылына 85 миллион тонна буудай жыйнаса, быйыл 50-55 миллион тоннанын тегерегинде күтүлүп жатат. Учурда 5 миллион гектар жер орусиялык баскынчы армиянын көзөмөлүндө.

Кырдаалды курчуткан кургакчылык

Март айында буудайдын таңкыстыгын Индия, АКШ, Бразилия сыяктуу мамлекеттер камсыздаганга аракет кылган. Индия үч ай ичинде 8,5 миллион тонна буудай экспортоого жетишкен. Анткен менен май айында кырдаал кескин өзгөрдү. Индия, Бразилия, Канада жана Франция сыяктуу ири буудай өндүрүүчү мамлекеттерде кургакчылык башталды. Мындан улам Индия буудай экспортоого чектөө киргизди.

Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын эсебинде Украинадагы согушка байланыштуу Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде жайгашкан мамлекеттерде 13 миллион адам ачарчылыкка дуушар болушу ыктымал.

"Бул жылы да Европада, Индияда, АКШда кургакчылык. Түшүм аз болот. Баа көтөрүлөт. Көп адамдар ачка калат. Менимче, Путин менен дипломатиялык жол аркылуу сүйлөшүү мүмкүн эмес. Бул жерде аскердик жол менен гана чечүү керек. Акыркы бир жумадан бери Улуттар Уюмунун кербенинин коргоосу менен Украинадан буудайды чыгарып кетүү маселеси каралып жатат. Бул кыйла жакшы чечим. Анткени дүйнөлүк коомчулук санкцияларды жоюу менен мындай жолго барса, бул стратегиялык жактан туура эмес кадам болуп калат. Муну менен алсыздыгыбызды көрсөтөбүз. Ал эми Путин муну менен бүгүн болбосо эртең, же бүрсүгүнү колдонот", - дейт Киевдеги Экономика мектебинин эксперти Олег Невьевский.

Ал арада Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдиргендей, Лондон жана анын "Чоң жети" боюнча өнөктөштөр Украина буудайын экспортоо жолун табууга аракет кылып жатышат. Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан дан азыктарын негизинен Орусиядан алат. Алатоолуктар жылына 770-800 миң тонна буудай керектесе, жергиликтүү ишкерлер болгону 400 миң тонна гана жыйнайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG