Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:31

"Биздин балдар бөөдө өлдү". Украинада каза тапкан астрахандык казактар


Украинада кыйраган орусиялык армиянын танктары.

Расмий маалыматтар боюнча Астрахан облусундагы калктын 16% казактар түзөт. Украинадагы согушта бул аймактан курман болду деп бийликтегилер же туугандары айткан адамдардын 80% дал ушул улуттагыларга туура келет.

Мунун себебин түшүнүү жана жергиликтүү коом буга кандай карап жатканын билүү үчүн Idel.Реалии астрахандык бир нече тургун менен маектешти.

Эксперттер жана активисттер Орусия Украинадагы согушка этностук азчылыктардан өтө көп жөнөтүп жатканын бир канча ирет айтып келишкен. “Медиазона” басылмасынын маалыматына ылайык, согушта курман болгон аскер кызматкерлеринин эӊ көп бөлүгү Дагестан менен Бурятиядан экен.

Республикалык макамы жок аймактарда деле ушундай жагдай байкалат – Астрахан облусунан согушка негизинен орустар эмес, казактар көп жиберилип жатат. Биздин эсеп боюнча азыр Төмөнкү Волга жээгиндеги бийликтер бул аймактан Украинадагы согушта 26 киши курман болгонун моюндашты. Каза болгондордун аты-жөнү менен туулган жерин эске алганда, булардын 21и этностук казак деп айтууга болот.

Казактар – Төмөнкү Волга жээгиндеги орустардан кийинки эле эӊ көп калк. 2010-жылдагы эл каттоодо Астрахан облусунда 150 миӊ казак жашаары аныкталган. Ошентип, казактар бул аймактын улутун атаган калкынын 16% түзөт. Ошол эле учурда курман болгондордун ичинен көпчүлүгү казактар болууда: 26дан 21и – бул 80%, катыш беш эсе ашыкча.

Астрахандагы айылдардан келип жаткан үзүл-кесил маалыматтардан улам бул аймактан Украинада курман болгондордун саны расмий көрсөткүчтөгүдөн кыйла чоӊ экенин билүүгө болот. Мында этностук теӊдешсиздик тастыкталбаган учурлардан да байкалат, курман болгондор жөнүндө кабарлар негизинен Астрахан облусунун казактар басымдуу көпчүлүктү түзгөн чөлкөмү болгон Володар районунан айтылууда.

Idel.Реалии бул оош-кыйыштын себебин жана буга байланыштуу региондогу элдин пикири билүү үчүн Астрахан облусунун бир нече тургуну менен аӊгемелешти. Коопсуздукту эске алуу менен, маектештердин аты-жөнү өзгөртүлдү.

"Үй-бүлө багуунун бирден-бир жолу "

"Бул биз үчүн жаӊылык эмес: казактар бул облустагы күч түзүмдөрүндө дайыма башкалардан көп болуп келген, – дейт Володар районунан Айсулуу. – Эгер облус борборунан басып өтсөӊүз, полиция кызматкерлеринин теӊ жарымы казак түспөлдүүлөр экенин көрөсүз – бул жалпы калктын ичинен казактардын үлүшүнө салыштырмалуу алда канча көптүк кылат. Аскер кызматындагылар менен келишимдик негизде кызмат өтөөчүлөр арасында деле ушундай көрүнүш".

Ал мунун себебин астрахандык казактар эзелтен элет жергесинде, чакан айылдарда тургандыгы менен түшүндүрөт.

Өгөйлөөнүн айынан көпчүлүк жумуш берүүчүлөр иш ордуна талапкерди тандоодо славян кешпириндеги адамдарды тандашы мүмкүн.

"Алардын көбү шаардан алыс жайгашкан, туруктуу унаа катнашы да жок, кан жолдордон обочо турушат же каттаганда бир нече ирет салга түшүп суудан өтүшөт, – деди ал. – Мындай райондордо жумушсуздук деӊгээли жогору, андыктан, эгер айыл чарбасынан башка чөйрөдө иштегиӊ келсе, негизинен сакчылык ишине же күч түзүмүнө барыш керек. Экинчиси кыйла туруктуу, болгондо да кадыр-барктуу деп эсептелет, ошондуктан айылдык жаштар текши аскерге же полицияга барышат. Көбүнчө бул үй-бүлө багуунун бирден-бир аргасы болот".

Жергиликтүү аялдын айтымында, казактар күч түзүмдөрүнө орустарга караганда көбүрөөк барганынын дагы бир себеби - алардын чоӊ шаарларда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү чектелгендигинде. Бөлөктөөнүн айынан жумуш берүүчүлөр кыйла ишбилги жана келбеттүү деп эсептегендиктен славян кешпириндеги адамдарды тандашы мүмкүн.

"Мунун айынан астрахандык казактар кесип тандоодон кыйналып, улутуна анча маани берилбей турган келишим боюнча кызматка жөнөшөт",- дейт Айсулуу.

“Биздин Украинада кызыкчылыгыбыз жок, болушу мүмкүн да эмес”

"Азыркы согуштагы дагы бир жагдай идеологияга тиешелүү болушу ыктымал. Ырас, астрахандык казактардын арасында аскер кызматкерлери өтө көп, бирок алар басымдуу көпчүлүктү түзбөйт. Эмне үчүн алардын өлгөнүн эле угабыз? Командирлер “Орусия Федерациясынын көп улуттуу эли фашизмге каршы күрөшөт” деп Украинага кол салууну актоо үчүн алдыңкы чекке орус эместерди көбүрөөк эле жиберип жатат окшойт", – деди Нариман районунун тургуну Адилбек.

Анын пикиринче, какшыктоого негиз бар:

“Курамында казактар да бар көп улуттуу элди айткан Путин “мен лак, жөөт, мордва, осетинмин” дейт, бирок бул күрөш “орус дүйнөсүн” кеңейтүүгө жана орустардын этникалык мүдөөсүн жактоого багытталган. Лак, осетин же казактардын мүдөөсү жөнүндө айтуунун кажети жок, Украинадагы согушта биздин кызыкчылык болушу мүмкүн эмес, ага биздин эч кандай тиешебиз жок. Бул жерден мен кейиштүү жагдайды көрүп турам — орус фашисттер антифашизм ураанына жамынып, баскынчы согушка азчылыктарды салууда. Ошентип, биздин балдар бизди чындыгында жектегендер, пайдаланып жаткандар үчүн курман болууда".

"Балдарыбыздын курман болушун каалабайбыз"

Украинадагы согушта каза болгон астрахандык казактардын биринин тууганы, Астрахан облусунун Камызяк районунун тургуну Руфина айылдаштарынын көбү согушка аттанганын айтты. Азыр Украинада анын эки тууганы жүрөт.

"Менин апам, чоӊ энем жана айылда калган башка аялдар – саясаттан дегеле алыс кишилер, көз караштары да айкын эмес. Азыр алар согушка каршы, бирок өздөрүнчө ой жорушат: “Балдарыбыз бөтөн жерде бөөдө курман болушун каалабайбыз”, – дешет. Ошол эле учурда алар Украинага акараат кылып, Зеленскийди мазакташат, бирок Путинди да сөгүшөт. Алардын чындап каалаганы – согуш тезирээк токтосо, балдар кайтып келсе деген эле тилек. Эркектер бир топ башкача ойлонот. Менин байкем Z тамгалуу футболка кийип алган, айрымдар балдарынын кийимине да ушундай белги тагышат. Бирок мен муну согушка тикелей жан тартуу деп эсептейм. Менимче, алардын каалаганы – тиякка барып калган бир туугандарын эле колдоо", - деп өз оюн айтат Руфина.


Ал согушка жигердүү каршы чыгып, Астрахандагы калктуу райондордо согушка каршы баракчаларды чаптап жүрөт. Бирок мындай турумду өзүнүн жогорку класстарда окуган теӊтуштарынын деле көбү колдобостугун билет. “Бизде үгүт өтө катуу жүргүзүлүп жатат, көпчүлүк адамдар “атайын операцияга” ишенип, украиндерди жек көрөт. Орус тил мугалими сабакта “украин нацисттери” жөнүндө айтып, Крымды Орусияга кайра кошуп алууга багытталган митингге да катышкан. Окуучулар арасында каршы тургандар аз”.

"Экинчи жагынан, мен баракча таратууга жардамдашкан көп санаалаштар менен тааныштым. Биз “Унчукпоо – макулдуктун белгиси”, “Өлүм болбосун, согуш токтосун”, “Кыйратууну эмес, гүлдөтүүнү жактайлы” деген жазуулары бар чакан кол жазма барактарды жасадык. Ырас, аларды тез эле жыртып салышууда – короо шыпыруучуларбы же каршы пикирдеги жарандарбы, билбейм", – дейт астрахандык кыз.

"Беймаанилик таң калтырат"

Астрахандык Канат бул региондун жашоочулары бара-бара согушка кызыкпай калууда деп эсептейт:

“Башка кандай болбосун окуя сыяктуу эле, бул согуш да адамдардын көңүлүн узакка чейин бура албайт. Биринчи айда тааныштарым согушту айыптап, нааразылыгын билдирип, көңүлсүз жүрүштү. Азыр баары кайра күнүмдүк тиричиликке алаксып калды. Түйшүк көбөйдү, бирок адамдар негедир мунун себеби бийликтин буйругун аткарган армияга байланыштуу экенин айтпайт. Сөз эркиндиги жок, бийликти, анын иш-аракеттерин сындаган жан жок, эми ушул кезде кантип жашоону эле ойлоп калдык. Бир кесиптешим согуш мезгилинде өз аскерлериӊди айыптаганга болбойт, эмне болуп жатканын кийин деле териштиребиз, азыр колдоо гана керек дейт. Мен ушуну түшүнбөйм. Эгер бул өзүбүздүн жердин бүтүндүгү үчүн, өзүбүздүн укуктарыбыз менен эркиндигибиз үчүн согушуу болсо, анда азыркы учурда армия же жеке адамдар жасап жаткан айрым кылмыштарга көӊүл бурбайбыз, кийинчерээк териштирип алабыз десек жарашмак. Бирок азыр такыр тескерисинче болууда – баскынчы согуш жүрүүдө", – дейт Канат.

Ал “казактарды өлгөндөн кийин сыйлаганы кызыктай эле көрүнөт” деди.

"Балким, астрахандык казак солдаттардан башкалар деле курман болуп жаткандыр, бирок башкалар анча көзгө чалдыкпай жатат, чынын айтсам. Кандайдыр бир беймаани нерсе болууда: эгер бийликтегилердин айтканына ишенсек, Украинада орустарды жаман көрүшөт экен, бирок алар үчүн Володаровкадагы казактар өлүп жатпайбы. Биз үчүн Одессадагы орустардын укуктарына караганда Казакстандагы каршылыктар көбүрөөк мааниге ээ", – деп ой жүгүртөт астрахандык тургун.

"Актар менен жүрсөӊ ак көрүн"

"Эмне үчүн казактар жана башка орус эмес орусиялыктар согушуп жатат? Түшүнүксүз десек болот, бирок чындыгында мен түшүнүп турам, – дейт Орусияга окуйм деп келген казакстандык Расул. – Биринчиден, булар жакыр жерлерден болушат, алар үчүн армия – жол таап чыгуу мүмкүнчүлүгү, актарга ак, орустарга орус болуп көрүнүү, кандайдыр бир улуу сыяктанган нерсеге кошулуу аракети. Экинчиден, орусча үгүттүн таӊ каларлык бир өзгөчөлүгү ушунда: бул аймакта боло келген империялык чакырыктарды алып, чегине жеткире фашисттик мазмунга толтурат. Орус империясын жакшы көрөсүӊбү – мына сага Иса пайгамбар, СССРди жакшы көрөсүӊбү – мына сага кызыл туу, Орусияны жакшы көрөсүӊбү – мына сага үч түстүү байрак. Сен орусчага тили келбеген тувалыксыӊбы? Мына сага Шойгунун азыркы Субедэй экени жөнүндө пикир. Кадыровчусуӊбу? Мына сага жихад. Мунун баары сага таасир этет, мээңе сиңет да, согушка жиберилгенде, кылган жосундарыӊды актоого моралдык шылтоо болуп берет".

Расул, балким, “согушка катышкан казактарды айыптагым келер, казак болбой калган чыккынчы дегим келер” дейт.

"Шарият жагынан алганда, алар чын эле чыккынчы, путинчилерден башка муфтийлердин баары бул согушту айыпташты. Акыретте бул солдаттардан эмне үчүн өлдүӊ, Путин жана анын яхтасы үчүнбү деп сурайт. Анда булар менен бирге тозокко бара кой дейт. Бирок чындыгында мен адам катары аларды орус балдарга караганда көбүрөөк аяйм, анткени Орусияда жашаган үч жыл ичинде бул үгүт кандай таасир этерин, бүтүндөй коомдун кандай түзүлгөнүн, андагы этностор аралык мамилелер кандай өзгөрүп жатканын көрдүм Биздин өкмөткө менин өзүмдүк суроолорум көп, казак жана казакстандык шайкештигине байланышкан суроолор да көп. Ушул эки айда Украинаны казакстандык казак, орус, уйгур, дунган, немис, поляк досторум менен көп ирет талкууладык. Биз дайыма мындай пикирге келип турдук – эгер бизге Орусия бастырып кирсе, баскынчыларга каршы туруп, ок атабыз. Биз орусча таптаза сүйлөшүбүз, орус адабиятын мыкты билишибиз мүмкүн, бирок бул биздин жер, ага эч кандай "орус дүйнөсүнүн" кереги жок", – деп сөзүн жыйынтыктады казакстандык жаран.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG