Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жаныбеков: Элдин эгинин сатып алууга аракет кылабыз


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы айдоо аянты.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы айдоо аянты.

Кыргызстанда жазгы айдоо иштери дээрлик аяктап, айрым аймактарда дыйкандардын алды биринчи түшүмүн жыйноого киришти. Өкмөт айыл чарбасын колдоого быйыл көп акча бөлгөнүн жарыяласа, дыйкандар бул тармактагы көйгөйлөр чечилбей жатканын билдирүүдө.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Аскарбек мырза, май айы ортолоп, өлкө боюнча талаа иштери дээрлик аяктап калды. Быйыл өлкө боюнча эгиндин кандай түрлөрү эгилди?

Аскарбек Жаныбеков, Айыл-чарба министри
Аскарбек Жаныбеков, Айыл-чарба министри

- Быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун айрым райондорун, Нарын облусун жана Суусамыр аймагын эске албаганда, жазгы талаа жумуштары бүттү.

Былтыркы жылга салыштырганда кандай өзгөрүүлөр болду? Биз быйыл 180 миң гектар күздүк эгин себүүнү болжогон элек. Иш жүзүндө 129,3 миң гектар жер айдалды. Бул былтыркы жылдын деңгээлинде болду. Быйылкы жазда 250 миң гектар жерге жаздык буудай себүү болжолдонгон. Жүгөрү былтыркыга караганда көбүрөөк айдалды. Кызылча былтыркы жылдагыдай эле.

- Өкмөт 2022-жылы айыл чарбасын колдоого 26 млрд. сом каражат бөлгөн. Анын ичинен 10 млрд. сому дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө багытталган. Ал каражаттын 29% гана берилген экен. Министрлер кабинетинин 30-апрелдеги жыйынында Акылбек Жапаров бул жааттагы иштерди сынга алып, министрликтин ишин жетишсиз деп баалады. Дыйкандарды каржылоонун мындай жүрүшүн эмне менен түшүндүрөт элеңиз?

-Айыл чарба тармагына 26 млрд. сом акча каралган. Иш жүзүндө бөлүнгөн каражат фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча же биз көнүп калгандай "ФСХ-10" долбооруна 6 млрд. 200 млн. сом каралган. Анын ичинен мамлекеттик банктарга 4 млрд. 800 млн. сом акча бөлүндү. Бүгүнкү күндө 3 млрд. сомдон ашуун акча өздөштүрүлүп, 6 миңге чукул дыйкандарыбыз насыя алды.

Андан тышкары, агроөнөржай комплексин колдоо максатында 22-мартта чыккан токтомдун негизинде 10 млрд. сом акча каралган. Анын ичинде, иш жүзүндө бүгүн РСК банкына 500 млн. "Айыл Банкка" 500 млн. сом каражат бөлүндү. Үрөн сатып алууга 1,5 млрд. сом каралган. Анын 700 млн. сомуна 11,1 миң тонна жаңы үрөн алып келинип, дыйкандарга таратылды.

Ирригацияга быйылкы жылы жалпысынан 1,1 млрд. сом каралган. Анын ичинен 634 млн. сом акча бөлүнүп, иш жүзүндө 450 млн. сомдук жумуштар жасалып, кабыл алынды. Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 975 млн. сом акча бөлүнгөн. Ал Өзбекстанга которулуп берилип, ал жактан 5 миң тонна жер семирткич сатып алдык.

- Сиз азыр 26 млрд. сомду жалпылап айтып кеттиңиз. Эми бир аз деталдаштырып берсеңиз, дагы 10 млрд. сом айыл-чарбасын кластердик өнүктүрүүгө бөлүндү эле. Аны бөлүштүрүү коомдо бир топ сынга кабылды. Кластердик бирикмелерди түзүү жана 10 млрд. сомду бөлүштүрүү иши кандай жүрүүдө?

- Токтомдо агроөнөржай комплексин колдоого бөлүнгөн 10 млрд. сомдун 500 млн. сому айыл чарба техникасынын лизингине, 500 млн. сом асыл тукум малды лизингге алууга бөлүндү. 5 млрд. сом дыйкандарга 6% менен насыя берүүгө бөлүндү. Андан 300 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, 500 миң сомго чейинкиси күрөө менен берилет. Ал эми жылдык айланткан каражаты 1 млн. сомдон ашкан дыйкандарга 5 млн. сомго чейин насыя берүү каралган. Бул ошол 5 млрд. сом түздөн-түз дыйкандарга берилет деген сөз.

10 миллиард сомдон 4 млрд. сом калат. Бул акча кластерлерге же болбосо кайра иштетүүчү агрегаторлорго айландырма каражат үчүн берилип жатат. Ал дыйкандар өндүргөн чийки затты сатып алууга каралган. Көрдүңүзбү, 10 млрд. сом каражат толугу менен эле дыйкандарга каралган. Башка эч багытка каралган эмес. Себеби биздин кайра иштетүүчүлөрдүн бардыгынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишерлик. Алар муну башка багытка пайдаланбайт деле. Агроөнөржай комплексин, же болбосо кластерлерди колдоого деп каралган 10 млрд. сом толугу менен дыйкандарга гана багытталган.

Мунун тегерегинде ар кандай өйдө-төмөн сөздөр көп болуп жатат. Биз 9 кластерди токтом менен бекиткенбиз. Бул негизги стратегиялык азыктар. Буудай, сүт, картошка, эт, суу май, кумшекер жана жумуртка – ушулар тогуз кластерди түзүп жатат. Тогуз кластердин жетекчилери тандалган. Кайсы мекеме канча алат, кандай кылат? Анын өтүнмөлөрүн кластердин ичинде өздөрү чечет. Ал жерге Министрлер кабинети дагы, министрлик дагы, депутат дагы сунуштай албайт.

- Ошол кластердик бирикмелерди чоңдордун таасиринде калып калды деген нааразылыктар айтылып жатпайбы.

- Бул суу кечпеген жүйө. Себеби кайсы мекеме, канча аларын кластердин ичиндеги мүчөлөрү өздөрү чечет. Министр дагы, депутат дагы, эч бири ал жерге келип, чечимге түз же кыйыр таасир кыла албайт.

-Эми каражаттын калган бөлүктөрүнө келсек. Дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоого 1 млрд. сом бөлүнгөн. Ал каражатка Өзбекстандан 20 миң тонна жер семирткич сатып алыныптыр. Баасы кымбат болгондуктан дыйкандар аны сатып ала албай, жазгы мезгил өтүп кетип жатат. Мындан тышкары, дагы 1 млрд. сом ирригация тутумун жакшыртууга бөлүнгөн. Бирок суунун тартыштыгынан какырап турган эгин талааларын көрсөткөн видеолор тарап жатат. Мамлекеттен ушундай чоң каражаттар бөлүнүп, бирок дыйкандар жер семирткич менен суудан мукурап турушу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кандай таасир кылат деп ойлойсуз?

-Минералдык жер семирткич сатып алууга 975 млн. сом бөлүнгөн. Ал келишимдин негизинде Өзбекстандагы "Узкимёсанотко" которулган. Ал жактан бүгүнкү күндө Кыргызстанга 5 миң тонна жер семирткич келип, Ошто, Кара-Сууда, Кызыл-Кыяда, Кара-Балтада, Кантта турат. Баасы 46 сом 70 тыйын.

Бүгүнкү күндө ички базарда баа 40 сомдон. Кыргызстанда жер семирткичтерди ташып келүүчүлөрдүн ассоциациясы бар, негизги көлөмдү ошолор алып келет. Алардын баасы 40 сомдун тегерегинде. Ошол баадан кымбат кылбаш үчүн буйруктун долбоору даярдалып, Министрлер кабинетине киргизилди.

Экинчиси, ирригация тармагына 1 млрд. 100 млн. сом акча бөлүндү. Жүз миллион сом акча ноябрда бөлүнгөн. Жалпысынан 634 млн. сом акча бүгүнкү күнгө чейин бөлүнүп, райондук суу тармактарына бөлүштүрүлүп, алар иш жүргүзүп атат.

Бирок бир жагдайды айтып койгум келет. Бизде 5800 чакырым чарба аралык каналдар бар. Ошолорду жакшы абалда кармап туруу үчүн жылына 5 млрд. сом акча бөлүп, ремонттоп келишибиз керек эле. Акыркы 10 жылда 150-160 млн. сом эле акча бөлүнүп келген. Бул эмнени билдирет? Бул ошол ирригация такыр каралбай калган дегенди билдирет. Анан эми 1 млрд. сом менен Кыргызстанда болгон жалпы ирригацияны оңдоп коюу мүмкүн эмес.

- Дүйнөдөгү акыркы окуялар өкмөттүн, анын ичинде сиз жетектеген министрликтин чечимдерине кандай өзгөртүүлөрдү киргизип жатат? Маселен, башкы экспортерлор болуп саналган Орусия менен Украинадагы кризистен улам буудай тартыш болот, баа кымбаттайт деп айтылып жатат. Кыргызстан болсо дан, ун азыктарында импортко терең көз каранды.

- Биздин министрлик 2026-жылга чейин Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программа кабыл алган. Бул Кыргызстанды өнүктүрүү программасынын алкагында жасалган. Биз өзүбүздөгү негизги азык-түлүк менен өзүбүздү такыр болбогондо 85%, болбосо 100% камсыз кылабыз деген аракеттин үстүндө иштеп жатабыз. Ал үчүн биринчиден, түшүмдү көбөйтүү үчүн үрөн сапаттуу болушу керек эле. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин дыйкандарыбыз сапаттуу үрөнгө дээрлик мүмкүнчүлүк алган эмес. Биз 2022-жылдын түшүмү үчүн 11 миң 100 тонна жогорку сапаттагы үрөн алып келип, дыйкандарга 2 жылдык мөөнөткө 4,5% менен насыяга бердик. Күздүк себүүгө дагы 7 миң тонна үрөн алып келебиз деп атабыз. Келерки жылга дагы 6 миң тонна үрөн брондолуп турат.

Түшүм көбөйүү менен дүң жыйым көбөйөт. Биз буга чейин кыргызстандыктарды азыктык буудай менен камсыз кылуу үчүн 300 миң тоннадан ашык буудай, 90-92 миң тонна ун импортточубуз. Бул биздин импортко өтө чоң көз каранды экенибизди көрсөтөт. Кудай буюрса, быйылкы жылы биздин божомол менен импорттой турган буудайдын көлөмү 200 миң тоннадан ашпайт. Бул былтыркыга караганда 30-40% төмөн дегенди билдирет. Ошол эле мезгилде биз дыйкандарыбыз өндүргөн буудайды мамлекеттик резервдер фондуна сатып алабыз деп аракет кылып жатабыз.

Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот:
"Быйыл буудай импорту 30-40% азаят"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:37 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG