Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 09:16

Менчик жерди мамлекетке алуу муктаждыкпы же амалбы?


Бишкек шаары. Мамлекеттин/коомдун муктаждыгы үчүн жеке менчик жерлер көбүнчө Бишкекте алынып жатат.

Айыл чарба министрлиги жарандардын жер тилкелерин мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн алып коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Бул норма жерди коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берерин айтууда. "Мыйзам долбоору курулуш компанияларынын кызыкчылыгын коргойт" деп каршы чыккандар да бар.

Кыргызстанда мамлекеттин жерди алып коюшуна уруксат берген жобо буга чейин эле Жер кодексинде бар болчу. Анда мамлекеттик жана коомдук муктаждык катары улуттук коопсуздукту камсыздоо, айлана чөйрөнү коргоо, тарыхый жана башка маанилүү социалдык объектилерди жайгаштыруу, кен иштетүү жана эл аралык келишимдерди жүзөгө ашырууга байланышкан учурлар көрсөтүлгөн.

Демилгечи Айыл чарба министрлиги мыйзам долбоору ушул тажрыйбаны Баш мыйзамга ылайык келтирүү үчүн керек дейт. Конституция боюнча жер мамлекеттин муктаждыгы үчүн Жер кодекси эмес, мыйзамдын негизинде алууга болот. Бирок буга каршы чыккандар сунушталып жаткан мыйзам паракор мансап адамдарына жол ачат деп эсептешет.

Бул кантип ишке ашырылат?

Мыйзамдын аты айтып тургандай эле мамлекеттин же коомдун кызыкчылыгы үчүн керек болгон жерлер мамлекетке алынат. Айыл чарба министрлигинин жер саясаты жана инспекция башкармалыгынын башчысы Турсунбек Кубанычбеков жол же башка инфраструктуралык объект салууну мисал келтирди.

Алып коёт дегенде жер тилкесинин акысы толугу менен төлөнүп берилет, ошондуктан муну сатып алуу десе да болот. Бирок жердин базар баасын ким жана кантип аныктайт деген суроо негизги маселе болууда. Тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекет түрдүү амалдарын колдонуп, жердин ээсин арзан сатууга аргасыз кылышы мүмкүн.

Бишкектин тургуну Азамат Оңолбаев 2018-жылы Лев Толстой көчөсүн кеңейтүүдө мэрия анын жерин арзанга сатып алганын айтып даттанган.

“Бүтүндөй үйдү 11 миң долларга баалашты. Биз буга макул болгон жокпуз. Бул акчага биздин райондон эчтеке сатып ала албайм. Шаардагы үйлөр 50-60 миң доллар турат. Биз өзүбүз бааладык эле, бирок алар карап да коюшкан жок. Баары бир утуласыңар, анткени бул мамлекетке керек деп жатат”.

Кенемте базар баасына туура келиши керек

2019-жылы “Интербилим” коомдук фонду иликтөө жүргүзүп, жер тилкелерин алып коюуга байланыштуу кыргызстандыктардын укуктары одоно бузулуп жатканын аныктаган. Булардын 70% “ыктыярдуу мажбурлоо” жолу менен ишке ашырылат да, кенемте базар баасына туура келбейт.

"Жарандарды өздөрүнө пайдасыз келишимге кол коюп, жерин мамлекеттин муктаждыгы үчүн өткөрүп берүүгө мажбурлашат. Мисалы, 2012-жылы Ош шаарында үйлөрдүн акысын базар наркынан кыйла арзанга сатып алып, ордуна берилген жер тилкелерине 28 үй-бүлөнүн ичинен бирөө гана жаңы там сала алган. Жалал-Абад шаарында 2016-жылы мамлекет алып коюу жөнүндөгү келишими жок туруп эле жеке менчик турак жайларды буза баштаган. Болгондо да биздин улуттук мыйзамдар боюнча мажбурлап алып коюуга тыюу салынган. Чыгашанын ордун толтуруудагы адилетсиздик, мамлекеттик органдар берген кенемтенин аздыгы көп адамдардын жакырланышы жана үй-жайсыз калышына алып келүүдө. Бул Кыргызстандын жарандарынын укуктарын одоно бузуу болуп саналат”, - деди аталган уюмдун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева.

Эксперттер, алардын ичинен ошол кездеги акыйкатчы Токон Мамытов да бийликтегилерге мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн жерлерди алып коюу жол-жоболорун өнүктүрүү боюнча бир нече нускама жиберген. Алар биринчи кезекте ушул түшүнүктөрдү тактап алып, бирин гана калтыруу керек дешкен эле.

Алар ошондой эле баалоочулардын көз карандысыздыгын толук камсыздоо үчүн баалоо ишмердигине тиешелүү мыйзамдарды да кылдат иштеп чыгуу керек дешет. Адистер мамлекет алып койгон жер үчүн кенемте базар баасына туура келиши керек деп белгилешти.

Жер көбүнчө курулуш же жолдорду кеңейтүү үчүн алып коюлат.
Жер көбүнчө курулуш же жолдорду кеңейтүү үчүн алып коюлат.

"Бул жагдайлардын баары мыйзамдык актыларга жазылат. Айыл чарба министрлиги азырынча коомдук талкууга мыйзам долбоорунун концепциясын эле алып чыкты", - деп түшүндүрдү жер саясаты жана инспекция башкармалыгынын башчысы Турсунбек Кубанычбеков.

"Баа берүү, баалоо комиссиясы, баага макул болбоо, ээлик кылуучулардын укуктары жана мамлекеттин укуктары – мунун баары мыйзамдык актыларга жазылууда. Биз али буга жете элекпиз. Азырынча мыйзам долбоорунун жалпы багыты аныкталды. Коомдук талкуулардын жыйынтыгында биз ар бир кадамды аныктай турган мыйзамдык актыларды иштеп чыгабыз".

Мыйзам долбоорунда анын таасирине камтыла турган жер категориялары такталган эмес – мамлекет каалаган жерди алып коё алат.

Өкмөттүн түзүмү өзгөргөндө, жер саясатына тиешелүү маселелерди кароо укугу Адилет министрлигинен Айыл чарба министрлигине өткөнү үчүн бул мыйзамга аталган ведомство демилгечи болду.

Коомдук кызыкчылыктарбы же сүрөмөлөөбү?

Мыйзам долбоорунда "жер тилкелери жалаң гана мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн алып коюлушу мүмкүн, жеке адамдарга өткөрүп берилбейт" деп көрсөтүлгөн. "Бирок бул жөн эле рейдерлик басып алууга шылтоо болуп калышы ыктымал деп эсептейт", - мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы демилгелүү топтун мүчөсү Сергей Ким.

Ал бийликтегилердин жер тилкелери жалаң гана мамлекеттин же коомдун муктаждыгын канааттандыруу үчүн алынат деген убадасына ишенбейт.

“Бүгүн жерлер мамлекет муктаждыгы үчүн тартып алынып жаткан имиш. Бирок аны кийин курулушчуларга сатышат. Мисалы, 8-кичи райондо карагайларды кыйып, жер тилкесин китепкана курганга деп алып коюшту. Имараттын жертөлөсүнөн эки бөлмөнү китепканага ажыратып коюшту да, үстүндөгү кабаттардын баарын “жакшылар” үчүн турак жай кылып курушту. “Коомдун кызыкчылыгына” жамынып жатышат. Колунда бийлиги барлардын ичинен кимиси болсо да буга кызыкдар болушу мүмкүн. Бийликте сүрөмөлөөчүлөр (лоббисттер) отурарын өзүңөр да билесиңер. Алар бул жактан олчойгон акча табышы ыктымал".

Айыл чарба министрлиги мыйзам долбоорунун артында сүрөмөлөгөн эч ким жок экенин билдирди. Алып коюлган жердин жеке менчикке өткөрүлүшү белгиленген тартипти бузуу болот, анткени мыйзамдар боюнча жалаң гана мамлекеттин жана коомдун муктаждыктары бар болгон шартта гана жол берилет дейт. Мамлекеттик органдар мамлекеттин кызыкчылыктарын жактай турганын белгиледи.

Юрист Анара Кыштообаева мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты кандай болсо да, ал мыйзамсыз деп эсептейт. Конституция жеке менчиктин кол тийгистигине кепилдик берет дейт ал.

"Мыйзам долбоорунда жарандардын менчик жерин мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн алып коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок анда жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндөгү, менчик ээсинин макулдугун алуу зарылдыгы жөнүндөгү беренелер эске алынбай калган. Ал турсун мыйзам долбоорунда жер тилкесин менчик ээсинин макулдугусуз эле алууга жол берген жобо бар, бул Конституцияга жана Жарандык кодекске каршы келет".

Юрист “Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндөгү” мыйзам боюнча менчик ээси менен мамлекет ортосундагы мамилелерде менчик ээсинин укугу биринчи орунда турарын эске салат. Менчик укугун жүзөгө ашырууга байланыштуу мыйзамдардагы бардык жоюлгус карама-каршылыктар жана бүдөмүк жагдайлар менчик ээсинин пайдасына тууралап чечмеленет дейт ал.

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жер тилкелеринин мамлекеттин муктаждыктары үчүн алынышы мыйзамсыз деген пикирге макул эместигин билдирип, дүйнөлүк тажрыйбадан мисал келтиришти. Эң эле өнүккөн өлкөлөрдө деле аталышы гана башка, маңызы боюнча ушундай жоболор бар дешет.

“Баары бир шаар өнүгүшү керек. Анын инфратүзүмдүк долбоорлору бар. Бишкектин Башкы планы бекитилген. Ага ылайык, шаардын тегерегиндеги айрым талааларда көп кабаттуу тамдар салынышы керек. Ал жерлер жеке менчикте турат. Эгер биз жеке менчик экенине эле карасак, мындан ары кантип өнүгөбүз?”, - дейт Жер саясаты жана инспекция башкармалыгынын башчысы Турсунбек Кубанычбеков.

Жер тилкелерин мамлекеттин жана коомдун муктаждыгы үчүн алып коюу жөнүндө мыйзам долбоору 14-майга чейин талкууга коюлду. Бир ай ичинде Айыл чарба министрлиги эксперттердин жана катардагы жарандардын сунуш-пикирлерин топтоп келген. Министрликтин өкүлдөрү бул документ азырынча мыйзамдын концепциясы гана, талкуунун жыйынтыгында ал түп тамырынан өзгөртүлүп, толукталышы, атүгүл четке кагылышы да мүмкүн дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG