Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Украина: Вашингтондун жардамы Кремлдин кыжырына тийди


АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

Москва Вашингтондун Киевге акыркы үлгүдөгү ракеталык системаларды берүү чечимине кыжырдануусун билдирди. Украианын президенти Владимир Зеленский Киев күнүнө 60-100гө чейин аскерин жоготуп жатканын, ал эми Орусия согуш башталганы "30 миңдей аскеринен айрылганын" айтты. Бул арада Донбасстагы айыгышкан салгылашуу уланууда.

Донбасстагы Северодонецкинин дээрлик 80% орус аскерлеринин карамагына өттү. Бул тууралуу аймактын губернатору Сергей Гайдай Телеграм аркылуу билдирди. Анын сөзүнө караганда, украин күчтөрү душманга каршылык көрсөтүүнү улантууда.

"Көчөлөрдө салгылашуулар уланууда, украин аскерлери Северодонецк үчүн аягына чейин күрөшөт",-деп жазды.

Маалыматты Британиянын чалгын кызматы күнүмдүк отчётунда да бышыктады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-июнда Люксембург парламентине жасаган кайрылуусунда өлкөнүн 20% аймагы орус баскынчыларынын көзөмөлүндө экенин билдирди. Ал ошондой эле Киевдин эсебинде Орусия 24-февралдан бери "отуз миңден ашуун аскеринен айрылганын", ошого карабай агрессиясын токтотпой жатканын кошумчалады.

Шаршембиде Зеленский америкалык Newsmax каналына чыккан маегинде Киев салгылашууларда күнүнө 60-100гө чейин аскерин жоготуп, жарадарлар 500гө жетип жатканын айткан. Орусия өз жоготуулары тууралуу акыркы ирет мартта маалымдап, согушта 1351 аскеринен айрылганын билдирген

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

"АКШ согуш отуна май тамызды"

АКШ Украинанын орус агрессиясынан коргонуусу үчүн жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системаларды берерин 1-июнда жарыялады. Ал системалар 80 чакырымга чейин сокку урууга жөндөмдүү.

Киев буга чейин Кошмо Штаттардан 300 чакырымга чейин сокку ура алгыдай ракеталарды берүүнү суранган. Вашингтон ал өтүнүчтү аткарган жок. Ошентсе да АКШнын мындай жарыясы Кремлдин кыжырдануусун жаратты. Шаршембиде орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ "муну менен согуш отуна май тамызып жатат" десе, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдин Батыштан курал-жабдык талап кылганы үчүн Киевди айыптады.

"Киевдеги режим Батыштагы колдоочуларынан кескин түрдө курал-жарак талап кылганы - биринчиден, болгон чектен жана дипломатиялык жолдордон аша чаап бараткандык. Экинчиден, бул Батышты согуштук аракеттерге аралаштырууга багытталган түз чагым",-деди Лавров.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Бликен мындай дооматтарды четке какты. Ал НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолукканда Вашингтондун эсебинде согуш дагы көп айларга созуларын кошумчалады:

"Биз жөнөтүп жаткан системалар тууралуу айтсак, украиндер бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланбайбыз деп убада берди. Украина менен АКШ жана башка өнөктөштөрүбүздүн ортосунда ишенимдүү бекем мамиле бар. Бул агрессия башталганга чейин эле президент Байден Путин менен сүйлөшкөндө - эгер Орусия согуштук аракеттерин улантса, АКШнын кадамы кандай болорун так айткан",-деди мамкатчы.

АКШдан кийин Германия менен Британия дагы Украинага эң алдыңкы үлгүдөгү курал-жабдык жөнөтөрүн жарыялады. Берлин Киевге абадан коргонуу системаларын, ал эми Лондон реактивдүү системаларды жөнөтмөй болду.

Британиянын билдирүүсүнө ылайык, бул кадам АКШ менен координацияланган. Ошондой эле Лондон украин аскерлери Британияда атайын машыгуудан өтүп, аппараттар менен туура колдонууну үйрөнүшөрүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG