Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Санкциялар Москванын Борбор Азияга таасирин бошоңдотот


Орусиянын, ЕАЭБ, Кыргызстан жана Казакстандын желектери.
Орусиянын, ЕАЭБ, Кыргызстан жана Казакстандын желектери.

Өткөн аптада Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары Орусиянын экономикасы начарлап бараткандыктан, Москванын Борбор Азияга таасири азайып жаткан жокпу деп талдоо жүргүздү. Басма сөздө Казакстан мунайды ташып чыгуу жагынан Орусиядан көз карандысыз болуп, өзүнчө куур жолдорун таба алабы деген суроого да жооп издешти.

“Шайлоочулар бейкапар”

Англис тилдүү Eurasianet казакстандык шайлоочулар 5-июнда референдум аркылуу Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн маанисин жакшы түшүнбөйт деп жазды.

Бул басылманын маалыматына ылайык, референдумду уюштуруучулар өздөрү деле өзгөрүүлөрдүн маани-маңызын жарандардын көпчүлүгү билбестигин мойнуна алышууда. Мамлекеттик катчы, президенттин мурдагы кеӊешчиси Ерлан Карин көпчүлүк эл мурдагы жана жаңы Баш мыйзамдын айырмасын түшүнүшү кыйын деди.

Бийликтегилердин демилгеси менен даярдалган 56 түзөтүү бир топтом түрүндө добушка коюлат. Бюллетенде шайлоочу бул өзгөртүүлөргө “макул” же “жок” деп белги коёт. Eurasianet эмнени колдоп добуш берерин, ошондо эмне болушу мүмкүн экенин кылдат билип түшүнүшү үчүн коомчулукка убакыт аз берилди дейт.

“Бул кымгуут жагдайда карапайым жарандар эмес, эксперттер деле баарын жакшы түшүнүшү кыйын”, – дейт аталган басылмага берген маегинде саясат таануучу Досым Сатпаев.

Ал бийликтегилер маселени толук түшүндүрүүнүн зарылдыгын ойлобой эле, жалпы элдик добуш берүүнү 2024-жылда боло турган президенттик шайлоого даярдануу үчүн пайдаланып жатат деп эсептейт. Eurasianet жазгандай, “бул шайлоодо жеңип чыгары дээрлик күмөнсүз” болгон Касым-Жоомарт Токаев “Январь окуяларынан кийин саясий реформаны өзүнүн бейнесинин таанымал белгисине айлантып алды”.

Токаев референдумга 16,4 миллиард теңге бөлүндү деп жарыялады. Бул акчанын бир бөлүгү негизинен калкка добуш берүү күнүн кабарлаган үгүткө жумшалды.

Макаланын автору Алмаз Куменов бийликтегилер “текшерилген” саясат таануучулар менен коомдук пикирге таасири бар кишилерди тартышты, алар болсо конституциялык референдумду сөзсүз колдоо керектигин айтып жатат дейт. Басылма үгүт өнөктүгүндө макул эместердин үнү угулбагандыгын белгилеп жатат.

Коомдук пикирди иликтөө борборунун деректири Гүлжан Алимбекова Eurasianet басылмасына курган маегинде маалымат өнөктүгү начар жүргүзүлгөндүктөн, алыскы аймактардагы тургундар үчүн референдумда сунушталуучу түзөтүүлөрдүн маанисин түшүнүксүз бойдон кала берди дейт.

Досым Сатпаев референдумдун түпкү максаты – Токаевдин бийлигин бекемдөө деп эсептейт.

“Референдумда эл түзөтүүлөр үчүн эмес, азыркы президент үчүн добуш берет, – деп өз оюн чечмеледи саясат таануучу. – Бул аркылуу бийликтегилер Токаевге болгон элдин чыныгы колдоосу канчалык экенин көрүшөт”.

Москванын Борбор Азияга таасири азаябы?

Американын Voice of America үналгысы батыштын санкциясы Орусиянын экономикасын алсыратып жаткандыктан, бул өлкөнүн Борбор Азиядагы таасири азаюуда дейт.

Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын экономикасы көп жылдар бою Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын которгон акча агымына көз каранды болуп келген. Москва муну кысым көрсөтүү үчүн пайдаланчу деп айтылат үналгынын сайтындагы макалада. Питтсбург университетинин Маркетинг жана менеджмент борборунун деректири Женнифер Брик Муртазашвили Орусия Украинага бастырып киргенден кийин кырдаал өзгөрдү, эми Борбор Азия өлкөлөрү “Орусия жумушчу күчтөргө муктаж экенин түшүнүп калды” дейт.

“Бул өлкөлөр азыр өз эркине жана таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин түшүнүп калды. Эми муну кантип колдонуу керектигин биле баштады, – деди Муртазашвили. – Эми Борбор Азия кыйла кубаттуу, анын ири дөөлөттөр ортосундагы тандоо мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот”.

Эксперттин пикиринде, Орусиянын алсырашы Кытайга бул аймактагы таасирин арттыруу мүмкүнчүлүгүн берет. 31-майда Кытай Өзбекстанга “биргелешкен социалдык маанидеги долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн” 37,5 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берди.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Дональд Лу Вашингтондун байланыштарын чыңдоо жана “кыйла биримдиктүү, өнүккөн жана коопсуз Борбор Азияны курууга биргелешип күч-аракет жумшоо” максатында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга расмий сапар менен келип кеткен эле.

"АКШ менен Кыргызстандын жаңы келишими даяр"
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:15 0:00

Сингапурдагы Раджаратнам эл аралык изилдөө мектебинин улук илимий кызматкери жана “Синостан” китебинин автору Рафаэлло Пантуччи Орусиянын аймактагы таасири басаңдаса да, аны менен байланышты такыр үзүп салуу мүмкүн эмес, андыктан Москванын орчундуу орду сакталып кала берет деди.

Эл аралык тынчтык боюча Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров согушту айынан кыйынчылыктар пайда болгонуна карабастан, Орусиянын бул аймактагы таасири жок болуп кетпейт деп эсептейт. Бирок Москванын Украинадагы иш-аракеттери Москванын ордуна альтернатива издөөгө түрткү берет.

“Географиялык абалын, экономикалык кубаттуулугу менен логистикасын эске алганда, Кытай – Орусиянын ордун басууга жарагыдай эӊ башкы мамлекет”, – деди ал.

Бирок Муртазашвили аймактагы Кытайга каршы маанайды да айтып, Чыгыш Түркстандагы уйгурлардын тагдыры кандай болуп жатканын билген Борбор Азиянын тургундары Кытай менен жакындашуудан сактанат деди.

Казакстан мунайды экспорттоо жагынан Москвага болгон көз карандылыгын бошоңдото алабы?

Американын Diplomat басылмасы Украинадагы согуш башталгандан кийин Казакстан өз аймагындагы мунайды чет өлкө базарына жеткирүү жолдорун чабууга камданып калды деп жазды.

Эгер Батыш Орусиянын энергетикалык тутумуна каршы санкция киргизсе, кырдаал курчуп кетет. Ошондуктан Казакстан энергетикалык тутумун туруктуу кармап, чийки затты экспорттоого альтернативдүү жолдорду табышы керек. Казакстандын батышынан алынуучу мунайдын 80ден ашуун пайызы Новороссийскидеги, Кара деңиз жээгиндеги портто терминалы бар Каспий куур консорциуму (ККК) аркылуу ташылат.

Макаланын автору, Risk Advisory Group эл аралык консальтинг компаниясынын кызматкери София Нина Бурна-Асефи Орусияга көз карандылык белгилүү бир монополиялык иш-аракеттерге өбөлгө болот дейт. Мисалы, КККнын акционери болгон “Транснефть” киргизген квотага жана куурлардын ташуу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүүнү орус өкмөтүнүн каалабастыгына иренжиген эле.

Башка бир ири багыт Кытай аркылуу кетет. 2005-жылы ачылган мунай кууру Каспийдеги казак кендеринен түз эле Кытайга чийки зат жеткирип турат. 2009-жылы ишке киргизилген газ кууру көгүлтүр отунду Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан Кытайга ташууга мүмкүндүк берет. 2019-жылы бул эки куур аркылуу Казакстан Кытайга наркы 1,2 миллиардды түзгөн чийки мунайды жана 1,65 миллиард долларды түзгөн газды жиберген.

Казакстандын Мангистау облусунда мунай өндүрүшү. 2021-жыл.
Казакстандын Мангистау облусунда мунай өндүрүшү. 2021-жыл.

Батыш Орусияны аралабай эле өтүүчү башка жолду сунуштап жатат, бирок ал багыттын мүмкүнчүлүгү аз.

“Азербайжанда деле Гянжи өткөөлү бар, бул кууш тилке жерди АКШ Ооганстандагы согуш мезгилинде Каспий деңизи аркылуу Борбор Азияга ташуулар үчүн пайдаланган болчу. Батыштын башкы мамлекеттери НАТОго мүчө Түркиянын, НАТОго мүчө болууга талапкер Грузиянын жана Батышка кыйла ыктап калган Азербайжандын аймагы аркылуу өтүүчү Баку – Тбилиси – Жейхан мунай куурун Каспий деңизинен сүзүүчү танкерлерге жүктөлүүчү казак жана түркмөн мунайын Жер Ортолук деңизине жеткирүү үчүн пайдаланууга болор эле деп эсептешет”, – деп айтылган бул макалада.

Бирок бул багыттагы мүмкүнчүлүк КККга жетпейт, Орусия аркылуу өткөн куурга альтернатива боло албайт. Мындан тышкары, коридор кыйла кымбатка түшчүдөй, анткени Анкара транзит баасын баррелине 0,55тен 1,50-2 долларга чейин көтөрүп салды.

Бурна-Асефи Казакстан энергетикалык инфратүзүм жана мунай ташуу жагынан Орусияга көз каранды экенине карабастан, кол куушуруп отура бербеши керек деп жазат. Куурдун жоктугу жана географиялык шарты Казакстандын мунайы менен газын көбүрөөк казып алып, региондогу жана эл аралык деӊгээлдеги керектөөчүлөргө арзаныраак экспорттоо мүмкүнчүлүгүн чектеп коюуда.

“Өзүнүн энергетикалык экспортуна ээлик кылуу жана дүйнөлүк базарга чыгуу максатында Нур-Султан ар кайсы катышуучулардан жеӊилдик алуу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн эле колдонбостон, Орусия, Кытай, ЕБ жана АКШнын бул аймактагы тынчтыкты камсыздоого кызыкдар болуусуна жетишүү керек. Сырткы жана энергетикалык саясатты көп багыттуу стратегиялык нукта кылдат жүргүзүү үчүн Токаев ийкемдүү кадамдарды жасашы керек болот”, – деп тыянак чыгарат автор.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG