Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Батыш санкциясы: Өзбекстанга оогон орусиялык компаниялар


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 19-октябрь, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 19-октябрь, 2018-жыл.

Батыштын санкцияларына кабылган ири орусиялык компаниялар, анын ичинде КамАЗ менен Lada Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө заводдорун ачуу менен Европадан тетиктерди алууга аракет кылууда. Ал эми Казакстанда орусиялык Ural Motorcycles заводу ишке кирери кабарланды.

Заводдор Орусиянын капиталы менен ачылат

Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин директору Сардор Кариев орусиялык "Герофарм" компаниясы менен инсулин жана химиотерапиялык дары-дармек чыгаруу үчүн эки ири завод ачуу пландалып жатканын агенттиктин Фейсбук баракчасына жазды.

"Орусиянын "Герофарм" заводу менен Өзбекстандын ZUMA-PHARMA компаниясынын ортосунда инсулин өндүрүү боюнча келишим түзүлдү. Заводду Ташкент облусунда ачуу пландалууда. Инсулин Борбор Азия өлкөлөрүнө жетишсиз экени белгилүү. Негизинен Орусиядан, Европадан жана Кытайдан келет. Региондо кант диабети өтө көп таралган. Эмчек рагы, өпкө рагы да көбөйдү. Ошентип биз бул дарыларды өзүбүздө чыгарып, ички рынокко жана Тажикстан менен Кыргызстанга сатууну пландап жатабыз".

Ал эми ысымын атагысы келбеген дагы бир аткаминер "Азаттыкка" Өзбекстандын фармацевтика тармагы бир нече жылдан бери Орусиянын рыногуна чыгууга аракет кылып, бирок Москва башында турган Евразия экономикалык биримдигинин катаал талаптарынан улам ишке ашпай калганын билдирди.

"Мисалы, биздин өлкөдө колдонулган дарыларды Орусияда сатуу үчүн улам-улам клиникалык сыноолордон өтүү керек. GMP стандартынын талабы абдан жогору. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал кезде Өзбекстанда өндүрүлгөн дары-дармекке муктаждык жок, талаптар өтө жогору эле. Азыр эки өлкө тең фармацевтика тармагынын талаптарын жөнөкөйлөштүрүүгө макул болду. Бул тез боло турган процесс эмес, бирок биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Албетте, мунун баары Орусияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу. Бул жарманке жыл сайын өтүп турат. Азыр Украинадагы согуштан улам орус ишканалары бизге абдан олуттуу мамиле кыла баштады. Бизде чөлкөмдөгү эң күчтүү фармацевтика тармагы бар деп ишенимдүү айтсак болот. Биз аймактагы рынокко кире алабыз".

Өзбекстандын Фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүү агенттигинин директору Сардор Кориевдин айтымында, кол коюлган эки долбоордун жалпы баасы 35 миллион долларды түзөт.

Мунай, автомобиль жана авиация тармагы

Ташкенттеги көргөзмөнүн алкагында Өзбекстан менен Орусиянын өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар жолугушуулар өттү. Жыйынга Өзбекстандын вице-премьер-министри, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров, Армениянын экономика министри Ваган Керобян, Кыргызстандын экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев, Тажикстандын өнөр жай жана соода министри Шерали Кабир катышты.

Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков (солдо) жана Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров. Ташкент, 27-апрель, 2022-жыл.
Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков (солдо) жана Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров. Ташкент, 27-апрель, 2022-жыл.

Өкмөттүк деңгээлдеги жолугушууларда мунай, автомобиль жана учак куруу сыяктуу негизги тармактардагы жаңы кызматташтык талкууланганы кабарланды.

Жыйындарга катышкан таанымал өзбекстандык ишкер Украинадагы согуштан улам Батыштын санкцияларына кабылган орус өнөр-жайы санкцияларды кыйгап өтүүнү көздөп жатканын "Озодлик" радиосуна айтты.

"Мисалы, Орусиянын мунайын Түркия аркылуу Европага жеткирүү долбоорлору эбак эле башталган. Европа азыр Орусияга түз чыга албайт, бирок Түркия аркылуу иштей алат. Азыр түрктөр жакшы акча таап жатышат. Алардын аркасында өзбек-түрк бизнеси да бутуна турду. Бүгүн биз автомобиль өнөр жайы жөнүндө сүйлөштүк. Мисалы, Орусия Өзбекстанда ачылган заводдор аркылуу Жапония менен Германиядан авто өнөр жайына керектелүүчү тетиктерди алып келүүнү көздөп жатат. Мындай келишимдер электроника, авиациялык өнөр жай жана башка тармактарда да түзүлүүдө", - дейт өзбекстандык ишкер.

Ал Ташкенттеги көргөзмөгө келген орусиялык компаниялар Өзбекстандын жана коңшу мамлекеттердин ички рыногунун потенциалына да кызыгып жатышканын кошумчалады.

Ал эми Лондондо жашаган саясат таануучу Алишер Илхамов мындай кызматташтыктын жанданышы Өзбекстан жана ага коңшу өлкөлөр үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

"Учурда биз эки принципти айырмалап алышыбыз керек. Биринчиден, Орусиянын Украинага басып кириши жана Батыштын санкциялары Өзбекстандын жана жалпы эле Борбор Азиянын экономикасына оң да, терс да таасирин тийгизди. Анткени, Орусия бул аймактын негизги соода өнөктөшү. Мындан тышкары эмгек мигранттарынын акча которуулары да азайды. Европа менен соода кызматташтык Орусия аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу көлөм кескин кыскарды. Ошол эле учурда, жергиликтүү продукцияны Орусиянын чоң рыногуна чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле Өзбекстанга Орусиядан жана Беларустан IT-адистердин жана чакан бизнестин агымы байкалууда".

Алишер Илхамов.
Алишер Илхамов.

Өзбек серепчи Кремл менен кызматташууга аргасыз болгон Борбор Азия мамлекеттери мындай кызматташтыкты тооруган тобокелдиктер да бардыгын эскертти.

"Борбор Азия орусиялык бизнес үчүн транзиттик аймакка айланат. Алсак Өзбекстанда "Автоваздын" филиалы ачылат деген кабар өтө күмөндүү. Анткени, ишкананы Өзбекстанда каттоодон өткөрүп, керектүү тетиктерди, мисалы, чиптерди Тайвандан ала алат. Албетте, бул жерде негизги ортомчулар – Алишер Усманов сыяктуу Орусия менен жакшы мамиледе болгондор. Усмановдун өзүнө санкция салынгандыктан, ал азыр бизнесин сактап калууга, ошондой эле орус өнөктөштөрүнө жана өкмөткө жардам берүүнү көздөп жатат. Өзбекстан азыр өз кызыкчылыгы үчүн мүмкүнчүлүктөн баш тарткысы келбейт. Бирок ошол эле учурда аброюн жоготуп, экинчи даражадагы санкцияларга туш болуу коркунучу бар. Ошондуктан өзбек өкмөтүнө биринчи кезекте бардык тобокелдиктерди олуттуу түрдө талдап чыгууну сунуштайт элем".

УзА агенттигинин маалыматына караганда, Ташкентте өткөн "ИННОПРОМ. Борбор Азия" жарманкесине Франция, Италия, Нидерланды, Индия, КМШ мамлекеттеринен 200гө жакын чет өлкөлүк компаниялар жана 1300дөн ашык жеке ишкерлер катышты.

Бирок бул иш-чарага катышкан ишканалардын көбү орусиялык компаниялар экени айтылууда.

Алишер Усманов орусиялык ишкерлердин катарында Шавкат Мирзиёев менен учурашууда.
Алишер Усманов орусиялык ишкерлердин катарында Шавкат Мирзиёев менен учурашууда.

Эл аралык жарманкенин негизги өнөктөшү Батыштын санкциялык тизмесине кирген, өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усмановго таандык USM компаниясы болгону ачык айкын маалымат.

2016-жылы президенттикке келген Шавкат Мирзиёев Усмановго өзгөчө урмат көрсөтүп, "Эл-Юрт Хурмати" орденин тапшырган. Акыркы жылдары санкциялардын бутасына алынган олигарх Ташкент менен Кремлдин саясий жана экономикалык кызматташтыгында негизги ролду ойногон.

Казакстанда Ural Motorcycles заводу ишке кирет

26-апрелде Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Өскенбаев орусиялык Ural Motorcycles компаниясынын казак жергесине келишине эч кандай тоскоолдук жоктугун билдирди.

"Урал заводу санкцияга кирген эмес. Анткени, айрым орусиялык компаниялар санкцияга кабылган эмес. Эгер орусиялык компания кандайдыр бир себептер менен жайгашкан жерин өзгөртүп, Казакстанда ишкана ачкысы келсе, эмне үчүн каршы болушубуз керек? Биз өкмөт тарабынан коюлган принциптерди карманабыз, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган компанияларды киргизбейбиз. Ал эми чектөөлөргө кирбеген ишканаларды кабыл алууга даярбыз", - деп так кесе айтты казакстандык аткаминер.

Ал ошондой эле Ural Motorcycles жергиликтүү "Казтехмаш" ишканасы менен ижара келишимине кол коюлганын кошумчалады.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, Ural Motorcycles заводу азыр Орусиянын Ирбит шаарында жайгашкан. Казакстанга көчүү чечими санкциялардан улам кабыл алынганы айтылууда. "Кара тизмеге" киргендиктен өндүрүшкө керектүү тетиктер келбей, жабдууларды чет өлкөгө сатууга жол жабылды.

Мотоциклдердин көбү чет өлкөлөргө, анын ичинде АКШга да сатылып келген. Эми жаңы заводду Ирбиттен 600 чакырым жерге Түндүк Казакстандын Петропавловск шаарында жайгаштыруу пландалууда.

Орусия Украианага басып кирген 24-февралдан бери Батыш Москвага жана Минскиге каршы бир катар экономикалык, финансылык санкцияларды киргизген. Батыштын EURACTIV news басылмасына марттын аягында курган маегинде, президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары Тимур Сулейменов Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияга Батыштын салган санкцияларына карабастан, Казакстан Кремлге жардам бербей турганын билдирген эле.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG