Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

"Токаевдин референдуму": Казакстанда эмне өзгөрөт?


Алматыдагы добушканалардын бириндеги активисттердин акциясы, 5-июнь 2022-жыл.
Алматыдагы добушканалардын бириндеги активисттердин акциясы, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум өттү. Азырынча анын жыйынтыгы жарыялана элек. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер бүткүл элдик референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун, сунушталган өзгөртүүлөрдү "конституциялык реформа" деп атаганга болбой турганын айтып жатышат.

Мыйзам бузуу менен коштолгон референдум

5-июнда Казакстанда кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан бери биринчи жолу ири саясий өнөктүк өттү. Кечки саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуштарды саноо башталганын, референдумдун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланарын айтты.

Казакстандын бардык аймактарынын ичинен жекшембидеги референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 33,3 пайызы гана добуш берди. Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан (80,66%), Кызыл-Ордо (79,89) жана Чыгыш Казакстан облустарында (77,49%) байкалды.

Көз карандысыз байкоочулар референдум бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдиришти. Жаш шайлоочулар лигасынын байкоочулары документи жок адамдарга референдумга катышууга уруксат берилген, жакын туугандары үчүн бюллетень алган жана бюллетендерди топ-тобу менен урнага таштаган учурларды каттады. Мындай тышкары байкоочулар Семей жана Өскемен шаарларында бир эле адам эки шайлоо участкасында добуш берип жатканын аныкташты.

Батыш-Казакстан облусундагы Аксай шаарындагы дагы бир көз карандысыз байкоочунун добушкана ачылганга чейин эле урнада бюллетендер болгонун көрсөткөн видеосу интернетке тарады. Ошондой эле бир катар мугалимдер жана медиктер жетекчилик мажбурлаганы үчүн референдумга келгенин айтып беришти.

Мындан тышкары "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары сыяктуу көз карандысыз журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу жана аларды добушканага киргизбөө аракети катталды. Маселен, "Азаттыктын" кабарчылары президент Касым-Жомарт Токаев добуш берген шайлоо бекетине кире алышкан жок.

Казакстандагы добуш берүү, 5-июнь 2022-жыл.
Казакстандагы добуш берүү, 5-июнь 2022-жыл.

Назарбаевди жоопко тартуу талабы

Жекшембиде Алматы шаарындагы добушканалардын биринде расмий каттоого алынбаган оппозициялык демократиялык партиянын лидери, камактагы Жанболат Мамайдын бир нече тарапкери акция өткөрүшүп, "Мамайга боштондук, Назарбаевге түрмө" деп ураан чакырышты.

Алар бюллетендерине ушундай мазмундагы талаптарын жазып, урнага салышты жана Казакстандагы саясий туткундарды бошотууну, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди жоопко тартууну, Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмесин жарыялоону талап кылышты.

"Беш ай мурун атып салышкан жүздөгөн казактын убалы жокпу? Ушул күнгө чейин Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмеси жарыяланган жок. Казак суроо-сопкуту жок атып салгыдай мал эмес, кой эмес. Ошондуктан тизме жарыялансын. Ушул убакытка чейин Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн жемкорлугун жана былыгын ашкерелеген Жанболат Мамай түрдө отурат. Назарбаев болсо боштондукта жүрөт", - деп билдирди Демократиялык партиянын активисттеринин бири, Мамайдын жубайы Инга Иманбай.

Президент Токаев жекшембиде добуш бергенден кийинки сөзүндө Январь окуяларынын курмандыктарынын тизмеси жарыялана турганын, иликтөө жүрүп жатканын, тополоң учурунда өзү айткан"20 миң террорчу" жөнүндө маалыматты күч кызматкерлеринин мурдагы жетекчилеринен алганын билдирди.

Ал жекшембидеги референдумду өзгөрүүнүн башаты катары сыпаттады.

"Элибиз бүгүн добуш берип жаткан жаңы табылгалар биздин өлкөнүн коомдук турмушунда чоң өзгөрүүлөргө жол ачат. Иш жүзүндө коом менен мамлекеттин карым-катышынын табияты өзгөрүп жатат. Алдыңкы планга адам укуктары чыгып жатат. Бул өтө маанилүү", - деди Токаев.

Назарбаев жекшемби күнү үй-бүлө мүчөлөрү жок Нур-Султан шаарындагы шайлоо бекетинде добуш бергенин анын маалымат кызматы билдирип, чакан видео жарыялады. Анда Назарбаевдин эч кандай билдирүүсү камтылган эмес.

Конституцияда эмне өзгөрөт?

Казакстандын Конституциясындагы 98 берененин 33үнө баш-аягы 56 өзгөртүү жана толуктоо киргизилип жатат.

Бирок элдик добуш берүүгө абдан узун бир суроо коюлду: “2022-жылдын 6-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган “Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган Казакстан жумуриятынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл аласыңарбы?”.


Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор колдо тапса:

  • Казакстанда президентке жана бир катар жогорку кызмат адамдарына саясий партиянын мүчөсү болууга тыюу салынат;
  • Мамлекет башчысынын тууган-уругуна жогорку саясий кызматтарды ээлөөгө болбойт;
  • Казакстанда 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра калыбына келтирилет;
  • Мажлистин бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланып келет; өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат.

Мындан тышкары Конституциядан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык сөздөр алынып салынат. Назарбаев үч жыл мурда бийлигин Токаевге өткөрүп берип жатканда сактап калган, мыйзам кепилдеген ыйгарым укуктарынан биротоло айрылат. Муну менен кошо Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн жоопко тартууга да жол ачылат.

Учурдагы Баш мыйзамдын беренелеринде Назарбаев "көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү", "элбашы" деп мүнөздөлүп, анын "макамы өзгөрүүсүз" калары жазылган. Ошондой эле биринчи президенттин макамы атайын конституциялык мыйзам аркылуу аныкталары да белгиленген.

Казакстандын мамлекеттик катчысы, Токаевдин мурдагы жардамчысы Эрлан Карин бул өзгөртүүлөр менен өлкө супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн айтты:

Мамлекеттик катчы Эрлан Карин.
Мамлекеттик катчы Эрлан Карин.

"Конституциялык реформа президенттин 2019-жылдан бери баштаган реформаларынын уландысы. Анын негизинде он мыйзам кабыл алынды. Конституциялык түзөтүүлөр элдин талабына негизделген жана бул бүткүл коомдун мүдөө-максаты үчүн жүзөгө ашырылат", - деди Карин.

Казакстанда Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгеси быйыл январь айындагы кандуу окуялардан кийин көтөрүлүп отурат. Жыл башында суюлтулган газдын кымбатташына каршы адеп Жаңы-Өзөн аймагында башталган нааразылык акциялары тез арада Казакстандын башка аймактарында жайылып, ири толкундоого жол ачкан.

Митингдер Алматы шаарында кагылышуулар жана тополоң менен коштолуп, президент Токаев буга "террорчуларды күнөөлөгөн" жана "эскертүүсүз ок атууга" уруксат берген.

Башаламандык Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлеринин Казакстанга киргизилиши менен коштолуп, бул окуяларда расмий маалымат боюнча эле 238 адам каза тапканы ырасталган.

Январдагы нааразылык маалында элдин турмушун оңдоо сыяктуу социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди бийлик сересинен кетирүү, айрым жерлерде парламенттик башкарууга өтүү сыяктуу бир катар саясий талаптар да айтылган эле. Кырдаал турукташкандан кийин Токаев саясий реформалар болорун убада кылган.

Бирок казакстандык саясат таануучу Шалкар Нурсеит конституциялык өзгөртүүлөрдү "реформа" деп атоого болбой турганын, референдумга коюлган түзөтүүлөрдө президенттин ыйгарым укуктарын чектей турган, парламенттин таасирин күчөтө турган жана сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кыла турган орчундуу өзгөрүүлөр жок экенин айтты:

Саясат таануучу Шалкар Нурсеит.
Саясат таануучу Шалкар Нурсеит.

"Бул калк өзү тандоо жасай турган референдум эмес. Бул азыркы президент Токаевдин референдуму. Учурдагы Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү карай турган болсок, анын убайын жалгыз гана Токаев менен анын айланасындагылар көрөт. Мени көргөндөр "бул мурдагы бийликтин колдоочусу, өзгөрүүлөргө каршы чыгып жатат" деп айтышы мүмкүн. Анткени мындай шаблонду Токаевдин референдумун жактагандар колдонуп жатат. Жеке өзүм Назарбаевдин атын Конституциядан алып салууну колдойм. Андан башка беренелердеги түзөтүүлөрдү косметикалык өзгөртүүлөр деп ойлойм. Казакстандын саясий системасын эч өзгөртпөйт деп айта алам", - деп белгиледи Шалкар Нурсейит "Майдан" порталына курган маегинде.

Ашыгууга эмне себеп?

Казакстандын учурда иштеп жаткан Конституциясы 1995-жылдагы референдумда кабыл алынган. Андан бери Назарбаевге бийликте узак жыл калууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөр парламент аркылуу кабыл алынып келди. Ошондуктан Токаевдин бийлиги Казакстандын тарыхында биринчи жолу Конституцияга түзөтүү жана толуктоо киргизүү маселеси бүткүл элдик референдумга коюлуп жатканын баса белгилеп келди.

Референдум алдындагы үгүт өнөктүгү "Жаңы Казакстанды бирге курабыз!" деген ураан астында өттү.

Саясат таануучу Досым Сатпаев Токаевдин командасы конституциялык толуктоолорду жаңы өзгөрүүлөрдүн башаты катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын, бирок бул алдыдагы чоң саясий жараяндарга даярдык экенин соңку маектеринин биринде айтты.

Политолог Досым Сатпаев.
Политолог Досым Сатпаев.

"Политтехнологиянын көз карашынан алсак, бул референдум алдыдагы президенттик шайлоого даярдык. Алар эмне кылгысы келет? Биринчиден, алар бул процесстин алкагында жергиликтүү органдардын ишин сынап көрүүнү көздөшөт. Экинчиден, бул коомдук пикирди билүүнүн бир жолу. Анткени расмий жыйынтыктан тышкары бейрасмий да сандар болору түшүнүктүү. Аларды референдумдун расмий эмес жыйынтыгы көбүрөөк кызыктырса керек. Анткени ал Казакстандын жарандары Токаевди канчалык колдой турганын көрсөтөт. Референдумдун жыйынтыгын Токаевге көрсөтүлгөн колдоо катары алдыдагы шайлоолордо колдонушат", - деди Сатпаев.

Президент Токаев Конституцияга киргизиле турган алгачкы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду март айында жарыялаганы менен акыркы варианты добуш берүүгө бир ай калганда гана даяр болду. Ошондуктан байкоочулар жана активисттер эл негизги мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөр менен толук таанышууга жетишпей калганын, үгүт иштери чабал жүргөнүн, өнөктүктүн жыйынтыгы алдын ала аныкталганын баса белгилеп жатышат.

Мындан улам Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларды жана кеңешмелерди өткөрүү үчүн референдумду кийинкиге жылдыра турууга чакырган.

Уюм казак бийлиги ачык саясий системаны түзүүгө убада бергени менен жарандык активисттер камалып жатканын, январдагы окуялар жетиштүү деңгээлде иликтенбегенин эске салган.

Бир катар жергиликтүү коомдук ишмерлер жана активисттер да бийликти референдумду кеминде үч айга жылдыра турууга үндөшкөн.

Саясий активист Дос Кошим.
Саясий активист Дос Кошим.

"Бул калктын акчасы. Үстөлгө отуруп, бирге талкуулайлы. Бир тарап өзгөртүүлөр дурус экенин далилдеп чыксын. Үстөлдүн экинчи тарабындагылар эмне үчүн каршы экенин далилдеп берсин. Референдумдун максаты ошол. Референдумдун максаты өкмөттүн акчасын коротуп, жалгыз гана Касым-Жомарт Токаев сунуштаган маселелерди калкка жеткирүү эмес", - деп билдирген бир нече апта мурда "Улут тагдыры" бирикмесинин төрагасы Дос Кошим.

Назарбаевди эмне күтөт?

Кантсе да Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институту өз сурамжылоосунун жыйынтыгына таянып, казак жарандарынын 76,4 пайызы референдум өткөрүү идеясын колдой турганын билдирди. Бул институттун соңку сурамжылоосу онлайн форматта өткөрүлгөнүн белгилегени менен анын деталдарын ачыкка чыгарган жок. Сурамжылоого көз карандысыз тараптар да катышкан эмес.

Токаев референдумга бир нече күн калганда айткан сөзүндө эл конституциялык өзгөртүүлөрдүн маанисин түшүнүп турганын, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууну көздөбөй турганын белгилеген.

"Эл арасынан жана чет өлкөлөрдөн учурдагы мамлекет башчы референдум аркылуу өз мөөнөтүн узартабы же буга чейинки президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коёюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы", - деп айткан Токаев.

Алматыдагы нааразылык, 5-январь 2022-жыл.
Алматыдагы нааразылык, 5-январь 2022-жыл.

Казак президенти буга чейинки маектеринде да мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык кызматта калбай турганын белгилеген. Баш мыйзамга ылайык, Казакстанда бир адам беш жылдык мөөнөттөн катары менен эки жолу президент боло албайт.

Жергиликтүү жана эл аралык талдоочулар Конституция колдоо тапса, Токаевдин бийлиги дагы бекемделе турганынан күмөн санашпайт. Бирок саясат таануучу Шалкар Нурсеит эгер маңыздуу саясий реформалар болбосо, январь айындагыдай нааразылык кайталанышы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда узак жылдардан бери иштеп келе жаткан британиялык журналист Жоанна Лиллис Назарбаевдин өзү курган системасы өзүнүн көз алдында урап жатканын, мындан ары "элбашы" мурдагыдай эл алдында жүрө албай каларын айтты.

"Биз келечекте Назарбаевди Казакстанда көп көрбөйбүз. Анткени ал эл алдына чыгууну деле каалабайт", - деди Лиллис.

Назарбаев май айынын соңундагы маегинде өз макамы каралып жаткан референдумда добуш берерин, Токаевди колдой турганын билдирген. Ал эгер кайсы бир туугандары анын атын пайдаланып, мыйзамды бузса жазаланышы керектигин кошумчалаган.


Январь окуяларынан кийин 81 жаштагы Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраганы белгилүү. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева сыяктуу жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Казакстанда карапайым жарандардын жана талдоочулардын бир бөлүгү Назарбаевди мыйзамдагы макамынан ажыратуу аракетин колдошкону менен референдумдан кийин калктын күнүмдүк турмушу оңолуп кетерине ишене албай турушат.

"Эч кимге ишенбей калдык. Жумушубузду көрүп турасыз. Бир адамга он жетекчи жүрөт. Кантип ишенесиң? Референдум кайдагы бир нерсе го", - деп билдирди Чымкенттин бир тургуну "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG