Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

Кыргыз-казак алакасы: суу-энергетика, экономика, инвестиция


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте, 26-май, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Казакстан 2003-жылдагы союздаштык келишимин жаңылап, эки тараптуу мамилени тереңдетүүнү макулдашты. Президент Касым-Жомарт Токаев тоскоолдуктар алынарын айтып, казак тарабы кыргыз экономикасына өткөн 15 жылда 1,5 млрд. доллар акча салганын жана жакынкы келечекте дагы ири инвестиция салууну пландаганын билдирди.

Ал эми президент Садыр Жапаров азыркы геосаясий кырдаалда эки өлкөнүн эл аралык маселелер боюнча позицияларынын бир экенин ырастады. Тараптар ортосунда суу-энергетика, экономика, инвестиция жана аймактар аралык кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Суу таңкыстыгын сезген Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келип, аны президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жогорку дипломатиялык сый-урмат менен тосуп алды.

Алгач тар чөйрөдө баарлашкан эки президент андан соң эки тараптын делегация мүчөлөрү менен бирге кенен-кесири пикир алмашты. Эки өлкөнүн Ысык-Көл- Алматы, Ош-Түркстан жана Талас-Жамбыл облустарынын жетекчилери өз ара кызматташуу меморандумарына кол коюп, бекитишти.

Андан ары тышкы саясат, билим берүү, айыл чарбасы, транспорт жана соода-логистикалык тармактар боюнча өз ара макулдашууларга жетишилди. Аягында эки мамлекеттин президенттери биргелешкен билдирүүгө кол койду.

Президенттер Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев ардак кароолдун алдында. 26-май, 2022-жыл.
Президенттер Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев ардак кароолдун алдында. 26-май, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүүдө суу таңкыстыгын алдын алуу үчүн казак тарап кыргыз экономикасына ири инвестиция салууга даяр деди.

"Казакстандык капиталдын катышуусунда Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул долбоордун наркы 300 миллион долларды түзөт. Андан кийинки маанилүү багыт бул - суу-энергетика тармагындагы мамилелерди жакшыртуу. Биз дагы бир жолу чек ара аркылуу өткөн өзөн суулары орток байлык экенин баса белгиледик. Суунун таңкыстыгы жылдан жылга татаалдашып баратат. Эл аралык беделдүү экологиялык уюмдар ушундай прогноздорду жасашты. Алдыда суу көбөйбөйт, тартыш болот. Бул анык. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү биргелешип иш алып барышы керек. Эки өлкөгө бирдей тең болгон дарыялар жана өзөң суулар ар дайым элдерди жакындаштырууга данакер болууга тийиш. Казакстан бардык милдеттенмелерин толук аткарып, маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр", -дейт Токаев.

Эки тараптуу мамилени чыңдап, эки элге бирдей маданий баалуулуктарды жайылтуу үчүн кызматташтыкты күчөтүү пландары айтылды. Казакстан Аль-Фараби улуттук университетинин филиалын ачып, кыргыз студенттерине жылына 50 гранттык орун сунуштады.

Чек арадагы жол тыгындары: жүк ташуудагы тоскоолдук

Ошол эле кезде президент Садыр Жапаров чек арадагы жол тыгындарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы тоскоолдуктарды чечүү маселеси оң жакка сүйлөшүлгөнүн айтты. Президент Садыр Жапаров саясий пикир келишпестиктер жок экенин, ошондуктан аны аткаруу милдети гана турганын билдирди:

"Жүктөрдү жана товарларды Казакстан аркылуу ташып жеткирүүдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу боюнча бардык күч аракеттибизди жумшоону келиштик. Биз эки өлкө ортосунда жүктөрдү ташуу, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында авто жол, аба жана темир жол байланыштарын жакшыртуу чараларын талкууладык".

Эки өлкө эл аралык позицияларын тууралайт

Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын бир катар эл аралык жана чөлкөмдү маселелер боюнча позициялары окшош экени айтылып, мындан ары дагы БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарда эки өлкө тең жалпы кызыкчылыгын биргеликте коргоону убадалашты.

Президент Садыр Жапаров азыркы маалдагы геосаясий жагдайда кызыкчылыктардын бирдейлиги маанилүү экенин туюнтту.

"Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экендигин белгилегим келет — бул башкы нерсе. Кыргызстан менен Казакстандын позицияларынын окшоштугун, азыркы кездеги геосаясий кырдаалда чөлкөмдүк жана эл аралык мүнөздөгү жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биргелешкен күч аракетибизди консолидациялоо зарылдыгын ырастайбыз. Кыргызстан менен Казакстан эл аралык уюмдар менен иш алып барууда бирдиктүү аракеттерди карманышат. Биз эл аралык уюмдардагы иш-аракеттерибизди бекемдөөгө даярбыз".

"Борбор Азия ынтымагын чыңдоо"

Кыргызстан менен Казакстан 2003-жылы "Союздаштык мамиле жана стратегиялык өнөктөштүк" тууралуу келишимге кол коюшкан. Бирок андагы бир катар талаптар азыркы жагдайга ылайык келбей калгандыктан мамилени өнүктүрүүнүн жаңы шарттарын камтыган жаңы келишимдин долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Бул жаңыланган союздаштык келишим былтыр жыл соңунда Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген стратегиялык макулдашуунун укуктук күчүнө барабар болот.

Ал келишим былтыр кабыл алынганда аны эскперттик коомчулук Борбор Азия союзун түзүүнүн пайдубалы катары сыпатташкан эле. Бирок мындай долбоорлорго адатта Москва кызганыч менен мамиле кылары айтылып келе жаткан. Анткени 1991-жылы түптөлгөн Борбор Азия кызматташтык уюмуна кийин Орусия кирери менен ал жоюлуп кетип, анын ордуна ЕврАзЭШ уюму түзүлгөн. Кийин бул уюм дагы жоюлуп кеткен.

Орусия менен союздаш болгон Казакстан жана Кыргызстандын президенттери Украинадагы согуш темасына кайрылган жок. Буга байланыштуу түзүлгөн эл аралык абалды эки президент кыйыр түрдө жылмалап өткөнгө аракеттеништи. Президент Касым-Жомарт Токаев кыргыз президенти менен жакында Борбор Азия лидерлеринин кеңешмесин чакырууну макулдашканын айтты:

"Биз азыркы учурдагы эл аралык жана чөлкөмдүк маселелер боюнча пикир алмаштык. Эл аралык проблемалар боюнча позицияларыбыз бирдей экенин белгиледик. Борбор Азияда интеграцияны тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу жакын арада Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик кеңешинин жолугушуусун өткөрүү жагы макулдашылды. Биз эки тараптуу жана көп жактуу мамилелерди уланта беребиз. Бүгүнкү биздин расмий сапар эки элдин ынтымагын арттырып, кызматташууну күчөтөрү анык. Казакстандын демилгелерин колдоп жаткан кыргыз боордошторго ыраазылык билдиребиз".

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары Садыр Жапаров бийликке келгенден бери алгачкы жооп иретинде жасалган расмий чет элдик визит болду. Садыр Жапаров президент болуп шайланган бир жылдын аралыгында алгач Орусияга, Казакстанга, Түркияга жана Өзбекстанга расмий сапар менен барды. Ошондон бери чет элдик лидерлердин жооп иретиндеги расмий визиттери боло элек болчу.

Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги сөзүндө Казакстанда өзү демилгелеген конституциялык реформа өткөну жатканын билдирди. Казакстанда быйыл 5-июнда Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча референдум болот.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө сөз Казакстанда 230 кишинин өлүмүнө себеп болгон Январь окуяларынан кийин башталды. Казакстандагы Январь окуялары маалында укук коргоо органдары тарабынан кармалып, сабалып, кийин бошотулгандардын арасында Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков да болгон. Алардын сабалышы боюнча “Кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, бирок кийин токтотулган.

Ошондой эле ушул айда Январь окуяларына байланыштуу эки кыргыз жараны камакта жатканы айтылган. Казакстандын Бишкектеги сапарында алардын тагдыры тууралуу сөз болгон-болбогону айтылган жок.

Кайсы келишимдерге кол коюлганын төмөнкү шилтемеден окуй аласыз.

Ишкер чөйрөнү жүдөткөн биримдик

Ишкер чөйрө эки президент көптөн бери мамилеге көлөкө түшүрүп келе жаткан көйгөйлөрдү чечет деген үмүттө. Анткени алака-катыш арбыбай, соода-экономикалык кызматташтыкка терс таасирин тийгизип келгени маалым.

Ишкерлердин атынан “Дордой” бирлигинин экс-президенти Аскар Салымбеков казак президентине Токаевге кошуначылыкка каршы келген жасалма тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү жоюу боюнча кайрылды:

Аскар Салымбеков.
Аскар Салымбеков.

“Чек арадагы тыгындар жана аталган тоскоолдуктар айрым бир күчтөрдүн эле иши болуп жатат. Негизи, Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБ уюмунда. Уюмдун тышкы чек аралары гана көзөмөлдөнүп, ички чек арада карым-катыш ээн-эркин болушу керек эле. Биримдиктин жобосунда дагы товарлар, жумушчу күчү жана капиталды эркин жүгүртүү кепилдиги берилген. Бирок андай болбой жатпайбы. Анда биз эмне деген союзда жүрөбүз. Буга башкалар сыяктуу эле мен дагы түшүнбөй жатам. Азыр эми Казакстанда дагы өзгөрүүлөр болуп жатат. Анан биз бир тууган, кошуна эл болгон соң, бир уюмда тургандыктан ортодо тоскоолдуктар жана чектөөлөр болбошу керек. Ошол маселелер чечилүүгө тийиш”.

"Маанилүү чечимдер болот"

Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев бул сүйлөшүүлөрдө чөлкөмдөгү жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу күтүлүп жатканын билдирди:

Бекбосун Бөрүбашев..
Бекбосун Бөрүбашев..

“Кыргыз-казак дайыма эриш-аркак жашап келген. Биздин президент да дайыма достук, жакын кошуначылык болсун, көйгөйлөр жоюлсун деген аракеттерин жасап келе жатат. Ар кандай маселени сүйлөшүп, чечсе болот. Бул жолугушууда маанилүү чечимдер кабыл алынат деген ойдомун. Соңку окуялар бардык тараптарды ойлонууга жана кеңири кароого мажбурлайт. Ошол үчүн эки тараптуу жана чөлкөмдөгү маселелерди чечүү жолдорун аныктоо милдети турат”.

Буга чейин кыргыз-казак өкмөт башчыларынын орун басарлары чек арада жолугуп, сүйлөшкөндө да жүк ташуучу автоунаалардын узакка созулган кезегин кыскартып, текшерүүлөрдү азайтууну макулдашкан. Бирок мындай көйгөйлөр кайра эле улана бергени маалым. Кыргыз тарап муну экономикалык кысым катары кабыл алып, айрым эл өкүлдөрү сууну бөгөп салууга чейин чара көрүүгө чакырык таштаган учурлары болду.

Ымаланы "ысытуунун" парламенттик ыкмасы

Казакстандын Мажилиси менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу чек ара өткөрмөлөрүндөгү тыгынды чечип, жүктөрдү өткөрүү маселеси боюнча Кордойдо жолуккан. Бирок андан бери деле абал өзгөргөн эмес.

Депутат Адахан Мадумаров эки тараптын депутаттарынын жолугушуусунда өз ара түшүнүшүүгө убакыт келгенин айткан болчу:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бир тууган элибиз, бир элбиз” деп айтабыз. Кыргыз менен казак куштун эки канаты дейбиз. Анан анын сол канатын кыркып салып, оң канаты менен каякка чейин уча аласың? Ошондуктан кушубуздун эки канаты тең бүтүн болуп, бийик учканы жакшы эмеспи. Биз бири-бирибизге доомат айтып эмес, көмөк көрсөтүш үчүн жолугушубуз абзел. Бири-бирибизге ишеним артканда гана ошондой мамилеге чыга алабыз. Биздин башка жолубуз жок ”.

Депутаттардын бул жолугушуусунан мурун кошуна эки өлкөнүн өкмөт башчылары жүк ташуудагы тоскоолдуктарды алып салуу жана суу-энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону сүйлөшкөн.

Бул боюнча 29-апрелде Алихан Смаилов менен Акылбек Жапаров Бишкекте жолугуп, эки тарап тиешелүү протоколдорго кол коюшкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапарынын соңунда Бишкекте 27-майда ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышат деп күтүлгөн. Бирок кечинде президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга учуп кеткени белгилүү болду.

Башында ЕАЭБ уюмунун лидерлери Бишкекте чогулары кабарланып, кийин жыйналыш видео байланыш аркылуу жүрөрү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG