Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Назарбаев өз макамы каралып жаткан референдумда добуш берерин билдирди


Касым-Жомарт Токаев (оңдо) жана Нурсултан Назарбаев. 2019-жыл, 20-март.
Касым-Жомарт Токаев (оңдо) жана Нурсултан Назарбаев. 2019-жыл, 20-март.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Конституциянын өзгөртүүгө байланыштуу референдумда добуш берет. Бул тууралуу саясат таануучу Данияр Ашимбаевге курган маегинде билдирди.

“Ооба, мен 5-июнда Конституция берген өз укугумду сөзсүз түрдө пайдаланам жана референдумда добуш берүүгө катышам”,-деди ал. Ошол эле маалда Назарбаев Баш мыйзамдан өз макамын алууну колдор-колдобосун так айткан жок.

Экс-президент 2019-жылы “элдин колдоосунун туу чокусунда турган маалда” мамлекет башчылык кызматты өткөрүп бергенин, башкаруучу элитада каршылыктарды жаратпоо үчүн жана бийликти акырындык менен өткөрүү максатында айрым ыйгарым укуктар өзүндө сакталып калганын кошумчалаган. Январда Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин буга мисал катары көрсөтөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 5-июнда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Буга байланыштуу кайрылуусунда, “бул өзгөртүүлөр “суперпрезиденттик” башкаруу формасынан отчёт бере турган өкмөтү бар президенттик башкарууга өтүүнү бекитет” деп айткан.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин “Елбасы” макамы каралган. Конституцияны өзгөртүү боюнча азыркы жумушчу топ алгач анын “Елбасы” деген макамын алып, “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү демилгелеген.

Коомчулуктун сынынан улам аталган топ биринчи президенттин макамын таптакыр алып салуу пикирине келди. 5-июнда калктын көпчүлүгү референдумда оң добуш берсе, Конституциядан Назарбаевдин ысымы да, макамы да өчүрүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG