Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Президент Жапаров Ширшовго схема түзүүгө жол берилбей турганын айтты


Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү төрт ири ишкана эмне себептен Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөнүн “Кабар” маалымат агенттиги менен болгон маегинде түшүндүрдү. 30-майда жарыяланган маекте мамлекет башчы “Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматты алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек” деп билдирди.

Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү үч жыл бою ишке ашыра албай койгонун, анын себеби “баары чачыранды болгондугунда” экенин, төрт ишкананы бир министрликке өткөрүп берүүгө "каршы чыгып жаткандардын жеке кызыкчылыгы" бардыгын белгиледи.

“Бул иштердин баарын бир жылда ишке ашырасың деп министр Имановдун алдына милдет койдум. Андан бери эки ай өттү. Он ай убактысы калды. Ошондуктан тоскоол болбой жардам гана берип турушубуз керек. Айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса жоопко тартабыз. УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” отурушкан жок”, - деди Жапаров.

10-майда УКМК “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызтелекомду", "Альфа Телекомду", "Дастанды" заводу жана "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.

"Азаттык" радиосунун журналисттик иликтөөсүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Алексей Ширшовдун байланышы аныкталган.

Жогорку Кеңеште аталган ишканалар коррупцияга шектелип жаткан мурдагы жетекчи "Ширшовдун колуна өттү" деген пикирлер айтылган. Депутат Жанарбек Акаев Ушундай чоң стратегиялык объектилерибизди, банкты, 3 миллион абоненти бар «Мегакомду», ири жер аянты бар «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колуна карматпадыкпы. Бул токтомду жокко чыгарыш керек» десе, депутат Медербек Алиев Ширшовду "ууру" дап атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG