Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Кой-Таш окуясы боюнча сотто айыптоо актысы угузулду


Иллюстрацялык сүрөт.
Иллюстрацялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 30-майда прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын жарыялады. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 14 киши айыпталууда. Аларга сегизден он бирге чейин айып тагылган. Бул иш боюнча айыпталып жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу бүгүнкү отурумга катышкан жок.

Мындан ары коюлган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр жүрөт. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров кийинки соттук отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Учурда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардан тергөө абагында отургандары жок, алар тергөө бир жылдан ашкандан кийин мыйзамга ылайык эркиндикке чыгарылган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча колго түшүрүү операциясы 2019-жылы август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында, Атамбаевдин үйүндө өткөрүлгөн. Атамбаев ошондон бери абакта. Операция учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. (KuA/RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG