Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Президент Кумтөр кенинин экологиялык абалы боюнча жооп берди


Кумтөр кени. 2021-жыл.
Кумтөр кени. 2021-жыл.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде “Кумтор Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыптын жокко чыгарылганы боюнча пикирин билдирди.

Жапаров “Кумтөр” боюнча келишим күчүнө киргенден кийин толук маалымат берерин айтып, кендеги талкаланган экологияга азыркы бийликтин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген.

“Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип, ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го. Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес. Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем”, - деди Жапаров.

Жапаров сын айтып жаткандарды "Кумтөр кенине ишке орношо албаган же эски техникасын киргизе албай жаткан шылуундар" деп атады.

24-майда Бишкек шаардык сотунда «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгарылган. Бир катар жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан.

2021-жылдын май айында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов "Кумтор Голд Компанинин" үстүнөн Октябрь райондук сотуна даттанган. Өткөн жылы 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Компания бир жылдан соң Бишкек шаардык сотко кайрылып, биринчи инстанциянын чечимине каршы даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүсүн өтүнгөн. Быйыл 19-майда шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG