Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын айтты


Орусиянын финансы министри Антон Силуанов
Орусиянын финансы министри Антон Силуанов

Орусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министри Антон Силуанов "Ведомости" гезитине билдирип, аны газдын төлөмүн рубль менен алып жаткан механизмге окшоштурду.

“Газ үчүн акы алуу кандай жүрүп жатат? Алар бизге валютаны которушат, бул жерде ал рублге алмаштырылат жана ошондон кийин төлөнөт. Евробонддорду төлөө дагы куду ушундай аткарылат, болгону тескери жүрөт”,-деди Силуанов.

Өзү каалаган валютаны алуу үчүн карыз берген инвестор орусиялык банкта рублдик эсеп ачышы керек жана анда акча алмаштырып туруусу шарт. Эгер инвесторлор бул шартка макул болбой калса, анда Орусия иш жүзүндө Силуанов атагандай “техникалык дефолтко” кабылат.

24-майда АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын тышкы карызды өзүнүн эл аралык резервдеринен төлөөсүнө укук берген лицензиясын узартпай койгон. Бул Орусия жүз жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу мамлекеттик карыздарды төлөөдө дефолтко кабылышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Ага жооп кылган Силуанов Орусия мамкарыздарды рубль менен тейлей турганын айткан эле.

Президент Владимир Путин 1-апрелден тартып Москва “дос эмес” деп эсептеген өлкөлөрдү орус газына рубль менен төлөөгө өткөрүүнү тапшырган. Бул аларды орус рыногуна доллар, же евро менен киргизүүгө мажбурлоо үчүн кабыл алынган. Ага чейин АКШ доллар банкноттору, Евробиримдик еврону Орусияга накталай сатууга тыюу салган.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, ушул күнгө чейин Германия, Франция, Италия, Венгрия, Словакия, Түндүк Македония рубль менен соода жүргүзүүгө көндү. Польша, Чехия, Улуу Британия баштаган топ мындан баш тартса, Румыния, Греция, Швейцария сыяктуу мамлекеттер бул ыкманы дале караштырууда.

Жаңы механизмге ылайык, чет мамлекеттер "Газпромбанкка" доллар же, евро киргизип, анда рубль сатып алып, орус акчасын "Газпром" компаниясына которот. (ErN)

XS
SM
MD
LG