Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Акыйкатчы институту мектептердеги коопсуздук боюнча текшерүү жүргүзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы мектептерде коопсуздуктун сакталышы боюнча масштабдуу мониторинг жүргүзөт. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майдагы маалымат жыйында билдиргендей, мындай текшерүү буга чейин дагы болуп, бирок ал жалпы абалды чагылдырбай калган. Купуя сурамжылоодо мектептердеги рэкетчилик, коопсуздук боюнча абал оор экени белгилүү болгон.

Абдрахматова Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча ишке прокуратура менен үй-бүлө жана баланы коргоо боюнча иштеген органдардын аралашуусун талап кыларын белгиледи.

23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тарап, талаш-талкуу жаралды.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG