Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Мугалимди кемсинткен окуучулардын ата-энесине айып пул салуу каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимди кемсинткен, шылдыңдап, мазактаган жана кордогон учурда окуучунун ата-энесине, же аларга жооптуу адамдарга карата чара көрүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоору бүгүн, 30-майда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланууда.

Мыйзамды демилгелеген депутаттардын бири Мирлан Самыйкожонун айтымында, Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып, 12-16 жаш курактагы балдар мугалимге ушундай мамиле жасаса эки миң сом (20 эсептик көрсөткүч) айып салуу сунушталууда. Эгер окуучу бул аракетин бир жылдын ичинде экинчи жолу кайталаса, беш миң сом (50 эсептик көрсөткүч) айып каралган, же 3-5 суткага камалышы мүмкүн.

Комитет мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы бул демилгени колдоду. Депутат Ырысбек Атажанов коомдук тартипти бузган балдар колунда бар бүлөнүн балдары экенин айтып, айып пулдун суммасын көбөйтүүнү сунуштады.

Самыйкожо айрым үй-бүлөгө эки миң сом чоң акча экенин, тартип бузгандардын көбү эле бардар бүлөдөн чыкпаганын, "ата-эне мээримин көрбөгөндөр ызасын мугалимден чыгарып жатканын" белгиледи.

25-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тарады. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, кийин окуучуну сабаган мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок. Коомдо кызуу талаш-талкуу жүрүп, социалдык тармактарда бири мугалимди, экинчиси окуучуну колдогон пикирлер айтылган. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кайрылуу жасап, тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG