Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кеминде жана Токмокто окуучулар мушташып, ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кеминде эки мектептин окуучулары мушташып, ар кандай жараат алган бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, окуя 27-майда болгон. Ушул күнү милицияга денесинен ар кандай жараат алган 15 жаштагы бала ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Баланын апасы сабаган балдарды аныктап, чара көрүүнү өтүнүп, милицияга арыз жазды.

Чүй облустук милициясынын дагы бир маалыматына караганда, 26-майда Токмок шаарындагы мектептин 8-9-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, 15 жаштагы бир өспүрүм ооруканага кайрылган. Маалыматта жаңжалга катышкан балдардын тек-жайы аныкталганы айтылат. 27-майда бул окуяга байланыштуу бир нече ата-эне милицияга арыз жазды.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда түшүндүрүү, териштирүү иштери жүрүп жатат деди милиция. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG