Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Апасын коргоп камалган балага жаңы адвокат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлөсүн коргоп мас адамга кол көтөрдү деп шектелип жаткан өспүрүм баланы бүгүн, 30-майдан тартып Юстиция министрлиги бекитип берген, балдар укугун жактоо боюнча тажрыйбасы бар адвокат коргойт. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди.

“Окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өз оозунан болгондун баарын уктук. Юстиция министри Аяз Баетов дагы бир ирет иш жеке көзөмөлүндө экенин ырастады”, - деди Абдрахматова.

Акыйткатчы өспүрүмдүн камакка алынышын одоно мыйзам бузуу деп атоодо.

Окуя 17-майда Бишкекте болгон. Ленин райондук сотунун чечими менен бала Чүйдүн Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясына бир айга камакка алынган.

Милициянын маалыматына караганда, бала мейманканада администратор болуп иштеген апасын мас кардардан коргойм деп ага бычак колдонгон. Кардар жараат алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG