Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Сот Next TV директорунун тергөө абагындагы мөөнөтүн бир айга узартты


Таалай Дүйшөмбиев.
Таалай Дүйшөмбиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-майда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу тууралуу сотко Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү өтүнүч келтирген.

Март айынын башында аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган. Прокуратуранын сотко кайрылышына Next TVнын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев билдирүүсү тууралуу кабар негиз болгон деп көрсөтүлгөн.

Мындан көп өтпөй, 5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG