Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Байден жубайы менен Техастагы куралдуу кол салуу болгон мектепке барды


АКШнын президенти Жо Байден жубайы менен 24-майда башталгыч мектепте ок атуудан каза болгон 19 окуучу менен эки мугалимди эскерүү үчүн Техас штатындагы Ювалд шаарына барды.

Алар жекшемби күнү башталгыч мектептеги мемориалга зыярат кылып, гүлчамбар коюп, шам жагышты. АКШ лидеринин эл алдында сүйлөөсү пландалган эмес. Бир күн мурун Байден Делавэр университетинде кайрылуу жасаган.

"Биз күчтүү жана бекем болушубуз керек. Биз трагедияларга тыюу сала албай турганыбызды билем. Бирок биз Американы коопсуз кыла алабыз", - деди Байден.

Бул Байдендин жарым ай ичинде эле массалык кол салууда каза болгондорду эскерип, көңүл айткан экинчи учуру болуп калды. Ал 17-майда Нью-Йорктун Буффало шаарына барып, куралдуу кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айткан эле.

АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда 19 окуучу менен эки мугалим мерт болгон. Бери дегенде 15 тургун жараат алган. Полиция ок чыгарууга шек саналган 18 жаштагы Сальвадор Рамос аттуу жергиликтүү тургунду атып өлтүргөн. Атышуу маалында эки полиция кызматкери жеңил жараат алган.

15-майдагы Нью-Йорктун Буффало шаарындагы супермаркетте 10 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу расалык зомбулук катары иликтенүүдө. Полициянын маалыматына караганда, 18 жаштагы Пэйтон Жендрон жарым автомат мылтык менен аткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG