Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Канн кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аталды


Ирандык Зар Амир-Эбрахими “Эң мыкты актриса” деп табылды. 2022-жыл, 28-май.
Ирандык Зар Амир-Эбрахими “Эң мыкты актриса” деп табылды. 2022-жыл, 28-май.

Францияда аяктаган Канн кинофестивалынын баш байгесин – "Алтын пальма бутагы" швециялык режиссер Рубен Эстлунддун “Кайгынын үч бурчтугу” тасмасы жеңди.

75-жолу өткөрүлгөн кинофестивалдын лауреаттары 28-майдын кечине жарыяланды. Башкы байге Лукас Донттун ”Жакын” жана Клэр Денинин “Түштөн кийинки жылдыздар” фильмдерине ыйгарылды. "Мыкты режиссер" сыйлыгы түштүк кореялык Пак Чхан Укка берилди.

Ачылыш аземинде украин президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасаган. “Диктатор утуларына ишенем. Биз бул согушту жеңебиз”,- деген ал.

Фестиваль согушту жана Орусиянын агрессиясын айыптаган. Орусиянын расмий делегациясына катышууга уруксат берилген эмес.

Орусиялык режиссер Кирилл Серебренниковдун “Чайковскийдин жубайы” тасмасынын көргөзүлүшү талаш-тартыш жаратты. Уюштуруучулар ал согуш баштала электе тартылганын айтышкан. Анын үстүнө режиссер өзү урушту айыптаган билдирүү жасаган.

Альтернативдүү программанын алкагында 21-майда франциялык жана орусиялык режиссерлор Бишкектин четиндеги таштанды талаасында тарткан “Дөң” деген документалдуу тасмасы тартууланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG