Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Аба ырайы: тоолорго кар түшөт


Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 30-майда Кыргызстандын дээрлик баардык облустарында жамгыр жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-1, күндүз 0...+5°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан болот. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG