Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Макрон менен Шольц Путинди Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды


Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольц 28-майда орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана тынчтыкты орнотуу боюнча олуттуу аракет жасоого үндөштү.

Бир саат 20 мүнөткө созулган сүйлөшүүдө Украинанын Орусия тарабынан оккупацияланган аймактарындагы кырдаал, туткунга алынган украин аскерлеринин тагдыры, Москва менен Киев ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы, ошондой эле Орусия менен Украинадан дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жеткирүүдөгү көйгөйлөр талкууланды.

Путин Батыш Москванын аскердик агрессиясына жооп катары киргизген санкцияларды жумшартмайынча, Украинадан эгин экспортун жандандыруу мүмкүн эместей көрүнүп турганын билдирди. Кремлдин сайтында жазылгандай, Путин Орусия "дан эгиндерин тоскоолдуксуз экспорттоо, анын ичинде Кара деңиз портторунан украин данын чыгаруунун жолдорун табууга жардам берүүгө даяр" деп билдирди.

Ал арада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Лондон жана G7 өнөктөштөрү Киевге дан экспортун калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн иштеп жатканын айтты.

Анткен менен Кремл Орусиянын Украинанын портторунун жабылышын санкциялык режимди жумшартуу менен байланыштуу экенин ачык айтты.

"Орус жер семирткичтерин жана айыл чарба азыктарын жеткирүү дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы чыңалууну азайтууга жардам берет. Бул албетте, тиешелүү санкциялык чектөөлөрдү алып салууну талап кылат",- деген расмий Кремл.

Украина буудай, жүгөрү жана күн карама майы боюнча дүйнөдөгү эң ири экспортерлордун бири. Орус аскерлери учурда Украинанын Кара деңиздеги портторун жаап, дүйнөлүк азык-түлүк менен камсыздоону коркунучка алып келүүдө.

Эл аралык коомчулук буудайдын негизги экспортерлорунун бири болгон Орусияны портторду ачып, украин данын экспорттоого уруксат берүүгө чакырып жатат. Путин телефон сүйлөшүүдө Украинага курал-жарак жеткирүү абалды ого бетер курчутушу мүмкүн экенин белгиледи. Шольц менен Макрон Путинди украин президенти Владмир Зеленский менен "түз жана олуттуу" сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнүн" жолун табууга чакырды.

Киев менен Москва сүйлөшүүлөрдү Орусия Украинага басып киргенден беш жумадан кийин токтотуп, марттын аягынан бери жолугуша элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG