Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Херсон облусунда Киев көзөмөлдөгөн аймак менен чек ара жабылды


Херсон.
Херсон.

Херсон облусунун Украина көзөмөлдөгөн аймактар менен чек арасы жабылды. Бул тууралуу "РИА Новости" орусиялык армия тарабынан дайындалган аймактын башчысынын орун басары Кирилл Стремусовго шилтеме берип билдирди.

"Николаев жана Днепропетров облустарынан чек арадан өтүү өтө кооптуу. Андыктан биз кандайдыр бир шылтоо менен Украинага барууну сунуш кылбайбыз", - деди Стремусов.

Аймактан аннекциаланган Крымга же Запорожье облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүнө чыга алат.

Орусиянын 24-февралда башталган баскынчылыгынан бери Херсон облусунун көпчүлүк аймагы жана Запорожье облусунун жарымына жакыны орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Облустун административдик борбору саналган Запорожье шаары украин бийлигинин колунда.

Москва кол салгандан кийин Путин жана башка орус аткаминерлери Украинанын аймактарын басып алуу алардын максаты эмес экенин бир нече жолу айтышкан. Ага карабай орус аскерлери ээлеген райондордун баарында Москвага ыктаган администрациялар уюшулуп, Херсон жана Запорожье Орусия Федерациясына кошулушун жактаган жетекчилер дайындалган. Бул аймактарга орусиялык жогорку аткаминерлер келип, аталган облустар “ар дайым Орусия менен” болорун убада кылышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын жашоочуларына орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга укук берген жарлыкка кол койгон. Путин мурда Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жашоочуларына жеңил процедура менен жарандык алууга уруксат берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG