Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Бишкектин таштанды талаасындагы үч тагдыр: Тажихан, Александр, Жазира


Лина Цримова  жана Дени Гербран
Лина Цримова  жана Дени Гербран

21-майда Канн кинофестивалынын альтернативдүү программасында Бишкектин четиндеги таштанды полигонунда тартылган "Дөң” ( La Colline) деген документалдуу тасма көргөзүлдү.

Франциялык жана орусиялык режиссерлор Дени Гербран менен Лина Цримова акыр-чикир дөбө болгон жерде иштеп жашаган адамдардын аянычтуу тагдырын баяндашкан.

Орусиянын Кабардин-Балкар жумуриятынан чыккан кесиби боюнча журналист Цримова ушу тапта Францияда жашайт, жакында Париждеги Социалдык иликтөөлөр жогорку мектебинде Кавказдагы согуштар жөнүндө илимий ишин жактады. Канндагы бет ачардан кийин ал Украинадагы согушка каршы билдирүү жасады. Режиссер "Азаттыкка" фестивалдан алган таасири менен бөлүшкөнгө да убакыт тапты.

- Лина, премьера менен куттуктайм. Көрүүчүлөр, сынчылар кандай кабыл алышты тасманы?

- Жакшы кабыл алышты. Чынында тасма оор. Адам туш болгондо эмне кыларды билбей калган, татаал маселелерди козгойт. Бирок жакшы пикирлер айтылды.

- Фильм ошол акыр-чикир полигонунда жашаган, иштеген кишилер тууралуу баяндайт. Мага абдан көңүл чөктүргөн фильм көрүндү. Эмне себептен тасманы тартуу үчүн Бишкекти тандап алдыңар эле?

- Менимче, көңүл чөктүргөн деп айтса да болот, ошол эле маалда андай да эмес. Фильмде ал адамдар жашаган реалдуулук чагылдырылган. Менимче, биздин каармандардай адамдарды постсоветтик аймактын булуң-бурчунда тапса болот. Тасма алардын турмушунун жалаң терс жактарын көргөзүүнү көздөгөн эмес. Албетте, жашоосу жакшы деп эч ким айта албайт. Бирок биздин каармандарыбыз трагедияга, кыйынчылыкка карабай башына түшкөн мүшкүлдү көтөрүп, өз жашоосун улап жатышат. Мисалы, Александр орусиялык армиянын катарында Чеченстандагы согушка катышкан. Согушта жасаган үрөй учурган иштери жөнүндө ачык айтып берди. Менимче, ал ошол чын жүрөткөн чыккан баяндоосу менен “өзүмдү дагы деле адам деп эсептесем болобу?” деген суроосуна жооп кайтарды.

Эмне үчүн Бишкекти тандап алдык? Мурдагы советтик аймакта көптөгөн авторитардык режимдердин пайда болгонун көрүп келатабыз. Өзгөчө документалдык кино тартуу барган сайын кыйын болууда. Биз кепке тарткан кишилер канчалык татаал болсо да, ойлорун абдан ачык-айкын, эч нерседен коркпой, тайманбай айтып беришти. Мен мындайды, ошол эле Кавказда элестете албайм.

Экинчиден, Кыргызстандын бир символикалык мааниси бар деп ойлойм. Илгери ал жерге СССРдеги бир топ элдер, кавказдыктар сүргүнгө айдалган. Кытай режиминен качкан (шинжаңдык) уйгурлар башпаана тапкан. Кыргызстан көп түрдүү маданият айкалышкан, көп улуттардын өкүлдөрү бири-бирин байыткан өлкө. Ошол таштанды полигонунда мен айткан көрүнүштөрдүн белгилери, орток империялык доордун бүтөлө элек жарасы байкалат.

- Тасмада бир нече каарман көргөзүлгөн, бир нече маселе козголгон. Экология, жумушсуздук, миграция, социалдык теңсиздик чагылдырылган. Сиз көрүүчүгө жеткирем деген негизги ой кандай эле?

- Өзгөчө бүгүнкү окуялардын, Украинадагы согуштун контекстинен алып караганда, менимче, ошол полигон Советтер Союзунун кыйрашын, ойрон болгон тагдырларды чагылдырат. Ал жер постсоветтик мейкиндикке окшошуп кетет. Ошол чөлкөмдө Чеченстандагы согуш түрүндө путиндик кылмыштуу мамлекеттин карааны жаралганы байкалып турат. Бир четинен тындым болгон Советтер Союзунун калдыктары чирип жатат, экинчи жагынан, жаңы баш көтөрүп келаткан коркунучтуу мамлекеттин сөлөкөтү көрүнүүдө. Менимче, ушул ойду жеткирүү негизги максаттардын бири болгон.

- Каармандардын ичинен кимисинин таржымалы сизге өзгөчө таасир этти?

-Жашы өйдөлөп калган Тажихан аттуу аялдын аянычтуу тагдыры абдан чоң таасир этти. Өмүр бою колхоздо иштеген баткендик аял сегиз баласынын бешөөнөн ажыраптыр. Ал аял эмнени гана баштан кечирген эмес, элестетүү да кыйын. 16 жылдан бери таштанды полигонунда иштейт экен. Тирүү калган балдары үчүн күнүгө күрөшкөн аялдын эрки, күчү кайдыгер калтырбайт. Сөз таба албай калдым. Тажихан, Александр, үй-бүлөсүнө жардам берем деп түнкүсүн полигондо иштеген өспүрүм кыз Жазирадай каармандар мурдагы советтик аймактын ар кайсы жеринде жашайт. Кавказда согуш, жаңжалдардан кийин үй-бүлөлөрүн сактап калууга аракеттенген канчалаган аялды жолуктургам. Балдарына эркектер эмес, негизинен аялдар кам көрүп келген. Алар канчалык эрктүү, кубаттуу, күчтүү экени мени дайыма айран калтырчу.

- Жазира таштанды полигонунан суурулуп чыгабы? Тажихандын тагдырын кайталабайбы? Кандай дейсиз?

- Жазира ушунчалык таза, ушунчалык жарык, ойлору терең кыз, ал жактан суурулуп чыгат деп ишенбей кое албайм. Ишенбесем, аны теңиме албагандай, тоготпогондой болуп калам го. Албетте, ал жактан суурулуп чыгуу оор, бирок Жазира күчтүү кыз.

- Тасма көргөзүлгөндөн кийин сиз Украинадагы согушту айыптаган билдирүү жасадыңыз. Сиз үчүн бул канчалык маанилүү эле?

- Абдан маанилүү болду. Менин жеке өзүмдүн кадамым болгон жок. Орусиядагы башка улуттардын өкүлү катары согушту айыптоо маанилүү болду деп ойлойм. Себеби согуш үчүн жоопкерчилик бизге да жүктөлөт. Орусиядагы улуттук азчылыктардын урушка катышып жатышы жүрөгүмдү кадимкидей оорутат. Борбор азиялык мигранттар, кавказдыктар да майданда жүрөт. Ошол эле маалда башка улуттагылар күнүмдүк жашоодо Орусияда дискриминацияга, расизмге туш болушат.

Аларга өз тилин, маданиятын өнүктүрүүгө жол беришпейт. Путин ошол жумурияттардын саясий автономияларын кыйла чектеп койгон. Украинадагы согуш Орусиянын тарыхында жаңы баракты ачканы менен иш жүзүндө ал көп жылдардан бери жүргүзгөн саясаттын уландысы болуп саналат. Өлкөнүн алыскы жерлеринде жашаган калктардын өкүлдөрү урушка катышпашы керек деп бекем ишенем.

Мындан тышкары баарыбыз оторчулукка каршы ой-жүгүртүүнүн үстүнөн иштөөгө тийишпиз. Орусиялык колониализм деген түшүнүктү, сталиндик репрессиялар доорун кайра карап чыгышыбыз керек. Украинадагы согуш бизге тандоо калтырган жок деп ойлойм. Тарыхыбызга, орус тилинин ордуна көз чаптырып, биз кимбиз деген суроого жооп издөөгө тийишпиз.

Ар бирибизди согушка каршы колубуздан келген нерсени кылууга чакырат элем. Бул уруштун жаңырыгы дагы көпкө сезилет. Ондогон жылдар бою аң-сезимибизди өзгөртүү үчүн дагы бир топ иштер жасалышы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG