Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

"Оорукчан иним жана майып уулум менен көчөдө калдым"


Ош шаарындагы үй
Ош шаарындагы үй

Сатып алган үйү талашка түшкөн жалгыз бой эне. Жети жылдан бери курулушу токтоп турган Кара-Суудагы мектеп. Оорукчан иниси, майып уулу менен көчөдө калган 70 жаштагы ысыкаталык эне "Эл үнү" берүүсүнө кайрылды.

Талашка түшкөн батир

Ош шаарынын тургуну Жыпаргүл Көчөрова 15 жыл мурун акчасын төлөп, сатып алган үйүнүн документин колуна ала албай жатканын айтат. Ал сотто үйдү сатып алганы үчүн акча бергенин далилдей албай койгон экен.

Жыпаргүл Көчөрова
Жыпаргүл Көчөрова

“2007-жылы март айында Мурзали Турдалиевден Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн 271-үйүнөн №80 батирди 850 миң сомго баалап, анын 700 миң сомун бергенмин. Калган 150 миң сомду үйдүн документин колуна алган соң берем деп макулдашканбыз. Бирок Турдалиев документти бербей койду. 2020-жылы Ош шаардык сотунун судьясы Арапат Өмүрзакова алардын пайдасына чечип берип койду. Ал күбөлөрдү сотко чакырган жок. Менин 700 миң сомду Турдалиевге бергенин көргөн адамдын тил каты иш каралып жатканда белгисиз себептен улам жоголуп кетти. М.Турдалиев менден башка дагы 5-6 адамга батирлерин саткан экен. Аларга да документ бербеген соң, акчаларын кайтарып алыптыр”.

Төрт балалуу жалгыз бой эне акыйкат издеп, сот жана прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Сот органдары сатармандын пайдасына чечип берген.
Ош шаарындагы талаш болуп жаткан көп кабаттуу үй союз кезинде Памир автобазасынын кызматкерлери үчүн курулган. Үй 96 батирлүү, ага “Ош строй” трести ээлик кылган. Мурзали Турдалиевдин айтымында, ал 1993-жылы “Ош строй” трестинен ошол №271 үйдүн № 80, 81, 82, 84, 85, 86, 87, 88 батирди, жалпысынан 8 батирди 5 млн. рублге сатып алган. Ал батирлерди өзүнө катталган “Ак Кула” жоопкерчилиги чектелген коомунун наамына сатып алган.

Мурзали Турдалиев талаш болуп жаткан №80 батирди Жыпаргүл Көчөровага сатпаганын, андан 700 миң сом албаганын айтты.

Мурзали Турдалиев
Мурзали Турдалиев

“Жыпаргүл Көчөрованын айткандарынын баары жалган. Баары ойлонуп табылган. Мен аны биринчи жолу тергөөчүдөн уктум. Ал тергөөчүгө арыз жазган экен. Мага тергөөчү көчүрмөсүн берген жок. Экинчи жолу, 700 миң сомду силерден угуп жатам. 2015-жылы бир аяшым суранды, Жыпар деген аял ошол үйдө жашап турсун деп айтты. Ал ошентип үйгө киргизди. Кийин батир акысын төлөбөйм деп баштагандан кийин, милиция менен чыгарам десем, 4 миң сомдон төлөйм деп калды. 2017-жылы бекен, Алай районунун Эркештам деген жерине барып иштеп келем деди. Ал жактан 20 миң сом салам деди. Ошол жактан келип эле ою өзгөрүп калды. Эгер 700 миң сом берсе, коколоп келип эле акчаны алып албайбы? 700 миң сом берсең кандай болосуң?”.

Бирок Мурзали Турдалиев ал батирлерин 1993-жылдан бери мамлекеттик каттоодон өткөрбөй келген. Ага 2008-жылы Ош райондор аралык сотунун судьясы Айнаш Токбаева каттоо тууралуу чечим чыгарган.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы үй талаштын акыркы чечими 2020-жылдын 17-декабрында болгонун ырастап, сот доогер “Ак-Кула” ЖЧКсынын талабы аткарылып, Ж.Көчөрованы жана үй-бүлө мүчөлөрүн турак жайдан чыгаруу чечимин чыгарган. Бул чечимди облустук жана Жогорку сот күчүндө калтырган.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

Эл үнү: Ысык-Атада үйү күйүп кеткен эне жардам сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:26 0:00

“Оорукчан иним жана майып уулум менен көчөдө калдым”

Ысык-Ата районуна караштуу Нурмамбет айылынан Замиркүл Оморалиева “Азаттыкка” баш бакты. Ал 2021-жылдын январь айында үйүн өрт чалып, жалгыз өзү камкорчу болгон оорукчан иниси жана майып уулу үчөө көчөдө калганын айтып берди. 70 жаштагы Оморалиева бийликтен жок дегенде эки бөлмөлүү кепе түптөп берүүнү өтүнөт.

Нурмамбет айылынын тургуну Замиркүл Оморалиева
Нурмамбет айылынын тургуну Замиркүл Оморалиева

“Жети бөлмөлүү үйүм күйүп калды. Короодо турган сөрүнү плёнка менен ороп ошондо кыштадык. Жайы40 градус аптапта да сыртта жаттык. Бул кыштан болсо урабай калган бөлмөнү эптеп бүтөп ошондо күн кечирдик. Суу шорголоп туш тараптан өтөт. Жетимиштеги кемпир болсом да эптеп аны тосмолоп, орукчан иним менен майып уулумду ороп чулгап тиричилик кылып жатабыз. Эми короого эптеп эки бөлмөлүү жер кепе тургузуп алсам жакшы болмок. Жардам берген эч ким чыкпай жатат. Айыл башчысына деле, губернаторго деле айтып жатам. Айыл өкмөт 10 миң сом берген. Кийин дагы эки миң сом берди. Аким 6 миң сом берди. Ал эч нерсеге жетпейт экен. Садыр Жапаровго деле кайрылдым. Алар болсо кайра эле жергиликтүү бийликке жиберет экен. Жалгыз уулум баса албайт. Иним болсо акылында кемитиги бар. Талмасы да кармап калат. Күйөөм 30 жыл мурда эле кеткен”.

"Балдар урай баштаган мектепте билим алууда"

"Азаттыкка" Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылынан Кенжебек Сатыбай уулу кайрылган. Ал айылда 2016-жылы башталган жаңы мектептин курулушу алты жылдан бери токтоп турганын билдирди. Жаңы мектептин эчак тикеленген дубалдары соңку жылдары урай баштаган.

Отуз-Адыр айыл аймагына салынып жаткан жаңы мектептин имараты
Отуз-Адыр айыл аймагына салынып жаткан жаңы мектептин имараты

“Бардык эле өкмөт башчыларына жазып эле келе жатабыз. Эч кандай майнап чыкпай жатат. Акча жок эле деп жатышат. Башка нерсеге каражат табылат. Ал эми мектепке келгенде жок. Мектеп курулбай жатып урай баштады. Дайыма ушул маселени көтөрө берип, айыл өкмөткө да жаман көрүнүп бүтмөй болдум”.

Угарманыбыз сөз кылган жаңы мектеп Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын Торойчу, Жаңы Кызыл-Суу, Беш-Кепе айылдарынын ортосуна түптөлүп жатат. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуганга жараксыз деп табылган эски №63 мектептин директору Замира Кудайбердиева 450 окуучу 150 балага ылайыкталган билимканада үч нөөмөттө билим алууга аргасыз болуп жатканын маалым кылды.

Отуз-Адыр айыл аймагындагы №63 эски мектеп
Отуз-Адыр айыл аймагындагы №63 эски мектеп

“Эски мектептин бир корпусу урап калган. Азыр эми бир копуста 437 бала үч нөөмөттө окуп жатат. ”

Отуз-Адыр айыл аймагындагы Жаңы Кызыл-Суу мектебинин курулушунун экинчи этабына каражат бөлүнгөнүн Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Дамир Калыкбердиев билдирди. Ал курулуш иштери ушул жылдын этегине чейин бүтүп калышы мүмкүндүгүн айтты.

Отуз-Адыр айыл аймагына салынып жаткан жаңы мектептин имараты.
Отуз-Адыр айыл аймагына салынып жаткан жаңы мектептин имараты.

“Бул мектептин курулушунун экинчи этабынын планы каралып жатат. 15-майда кол коюлса, иш башталып калат. Чатыры жабылган мектептерди быйыл бүткөрүү сунушу өкмөткө берилген. Буюрса, каражат бөлүнсө, жылдын этегине чейин курулушу бүтүп калат”.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

Эл үнү: Жети жылдан бери курулушу токтоп турган мектеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

Жаңы шаарчанын урай баштаган үйлөрү

Балыкчы шаарынан Айдана Усупканова жалгыз бой энелер жана майыптыгы бар адамдар үчүн курулган шаарчадагы үйлөрдүн кооптуулугу тынчсыздандырып жатканын айтып, оңдоп-түзөө үчүн каражат маселесин чечип берүүүнү бийликтен өтүнөт.

“2018-жылы жалгыз бой жана майыптыгы 20 аялга барак тибиндеги үйдөн бир бөлмөлүү батирлер берилген эле. Үйлөр арабдардын акчасына курулган эле. Кийин анын сапатсыз курулганы ачыкка чыкты. Дубалы пеноблоктон, пайдубалы жана үстүндө сейсмо курчоосу жок экен. Документи азыркыга чейин бериле элек. Архитектура менен мамэкотехинспекция текшергенден бул курулушту кабыл ала албайбыз. Стандартка жатпайт экен деп документ берилбей калган. Муниципалитет болсо жерге документти берген. Чындыгында оор эле акыбал болуп жатат. Учурда ушул үйлөрдү кайрадан оңдоп чыгууга каражат издей баштадык. Бийликтен жардам сурайт элек”.

Бул социалдык кварталдын маселеси тууралуу Балыкчы шаарынын башчысы Аманат Сыдыковдун пикирин сураганыбызда, кайра оңдоп-түзөө үчүн азыркы тапта эсептөө анализи жүрүп жатканын, андан ары каржылоо булактары изделерин билдирди.

“Ал үйдү эксплуатацияга расмий берүү үчүн кайра куруп чыгыш керек. Азыр ошого канча каражат кетерин эсептетип жатам. Сметасы чыкса анан каржы булактарын караштырабыз. Мыйзам кандай жол берсе каражатын бөлүп, оңдоп берсек деген ойдобуз. Буюрса май ичи бардык эсептөөлөр даяр болот”.

“Жер берсе эле гүлдөтүүгө кудуретим жетет ”

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында турган Абдырашид Дасы тегин “Эл үнү” аркылуу бийликке кайрылат. Ал мындан бир нече жыл мурда Кытайдан Кыргызстанга көчүп келген. Ошондон бери дыйканчылык кылганга жер аянтына жетпегенин айтты. Анын максаты - арзандатылган жер ижарага алып ондогон адамга иш ордун түзүп берүү.

“Мен жерди иштеткенди да, малды асыраганды да жакшы билем. Чоң атам мыкты багбан болгон. Эки жылдан бери эч жер ала албай келем. Мен бийликтен жер сурайт элем. Эгер колума жер тийсе эле гүлдөгөн бакка айлантып, мал чарбачылыгын түптөйт элем. Азыркы маалда бал челек кармайм. Аны да күчтөнтөт элем. Жаштарга бүт дыйканчылыктын сырларын ачкым келет. Үйрөткүм келет. Мен бери дегенде жүз кишиге жумуш орун тузүп бере алам”.


"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

Эл үнү: Балыкчыдагы урай баштаган социалдык шаарча
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:01 0:00

"Таштандыга мамилени өзгөртсөк"

"Эл үнүнө" Москва шаарынан Абдимиталип Кожомуратов пикир калтырган. Жаратылышты сактоо боюнча мамлекеттик саясат чабал деп эсептеген мекендешибиз коомчулукту эс алууга чыкканда таштанды калтырбай, жайыттарды сарамжал пайдаланууга чакырат.

"Учурда айлана жап-жашыл болуп, эл тоого эс алууга агылып жаткан учур. Мен коомчулуктан жаратылышка аяр мамиле кылууну суранат элем. Муну менен катар сууну да аздектесек. Суу бул - нымдуулук. Бул жөнөкөй эле сөздөй болгону менен өтө маанилүү экенин билебизби? Жаратылыш таза болсо ыр-күлкү көп болот. Элдин пейили оң болот. Мен айлана-чөйрөнү сактоо боюнча концепция жазып, аны Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда алып барып берген элем. Аны окуган деле адам болбоду окшойт".

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG