Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Эрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы экенин кайталады


Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун жыйынында, Брюссель. 2022-жыл, 24-март.
Режеп Тайып Эрдоган НАТОнун жыйынында, Брюссель. 2022-жыл, 24-март.

Түркиянын президенти Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусуна каршы турарын кайталады. Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн делегациялары менен болгон жолугушуулар “күтүлгөндөй деңгээлде” жүрбөгөнүн, Түркияны түйшөлткөн коопсуздук маселелерин чечүү багытында кадам жасалбаганын билдирди.

"Бакудан кайтып келатканда мамлекет башчы "Режеп Тайып Эрдоган Түрк жумуриятынын башында турган маалда терроризмди колдогон өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусуна “ооба” деп жооп бере албайбыз” деген жообун узатты",- деп жазды Hurriyet гезити.

Анкара Хельсинки менен Стокгольм "Күрттөрдүн жумушчу партиясынын" согушкер тобунун жана түрк бийлиги "террорист" деп эсептеген башка уюмдардын мүчөлөрүнө башпаанек берип жүрөт деп айыптап келет. Андан тышкары сөз болгон скандинавиялык эки мамлекет 2019-жылы Анкарага курал экспортун токтотуп койгон.

Швеция жана Финляндия терроризмди айыпташарын айтып, Анкара менен сүйлөшүүнү кубатташкан. Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу үчүн НАТОнун бардык 30 өлкөсү макулдугун берүүгө тийиш.

Эрдоган ошондой эле 30-майда орус жана украин президенттери менен телефондон сүйлөшөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG