Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Бишкекте Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланат


Ысык-Көл облусундагы Кара-Баткак мөңгүсү.
Ысык-Көл облусундагы Кара-Баткак мөңгүсү.

Бүгүн, 30-майда Бишкекте "Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү" аталган аймактык долбоордун башталгыч жыйыны өтөт. Долбоор Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда, Фергана өрөөнүндө климаттын туруктуулугун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Анда жергиликтүү, улуттук жана аймактык деңгээлдеги кызыкдар тараптардын климаттын туруксуздугу жана анын тобокелдиктери жөнүндөгү билимин жогорулатууга басым жасалат. Ошондой эле ресурстарды башкарууга көмөктөшүү, алдын алуу боюнча практикалык чараларды колдоону максатын көздөйт.

Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы жана Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен уюштуруп жатат.

Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо сунушун берген. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан.

Март айында Кыргызстанда тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өттү. Мындан ары өлкө боюнча жыл сайын белгиленчү салтка айланып, ар жылы 5-6 млн. даана көчөт отургузулмай болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG