Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Чехия жана Польша Украинанын армиясына курал-жарак берет


Польша Украинага жөнөтө турган Krab (солдо).
Польша Украинага жөнөтө турган Krab (солдо).

Чехия жана Польша Укриананын чыгышындагы орус армиясынын чабуулун токтотууга аракет көрүп жаткан украин армиясына кошумча курал-жарак жөнөтөт. Бул тууралуу Чехиянын коргоо министри Яна Чернохова 29-майда теле эфирде сүйлөп жатып билдирди. Ал жакын арада Киевге 26 миллион доллардан 30 миллион долларга чейин курал-жарак жөнөтүлөрүн айтты.

"Жардамдын тынымсыз алынышы өтө маанилүү", - деген Яна Чернохова согуш башталган февраль айынан бери Чехия Украинага 150 миллион доллардан ашык аскердик жүк жөнөткөнүн кошумчалады.

Чех маалымат каражаттары бериле турган жардамдардын арасында "Т-72" танктары, "БМП-1" аскер машинасы, гаубица жана советтик өндүрүштөгү тик учактар болушу мүмкүн экенин жазды.

Польша Украинага 155 мм калибрдеги 18 даана зооттолгон Krab артиллериялык техникасын берип жатканы белгилүү болду. Жекшемби күнү Польша радиосу Коргоо министрлигиндеги булактарына таянып кабарлады.

Орусиянын басып киришине байланыштуу Укринанын армиясына бир катар АКШ жана Улуу Британия баштаган батыш өлкөлөрү жардам көрсөтүүдө. 29-майда Германиянын өкмөтү Украинага 1 млрд. евро жардам берип жатканы белгилүү болду.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Дээрлик үч айдан берки согуштан эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. Алты миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG