Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Блогер "Жапырт башаламандык" иши боюнча милицияга жеткирилди


Адилет Али Мыктыбек.
Адилет Али Мыктыбек.

Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы блогер Адилет Али Мыктыбекти милиция кызматкерлери кармап кеткенин тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, ал райондук милициянын Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Жапырт башаламандык”) негизинде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеткирилди.

Кайсы башаламандык окуя тууралуу сөз болуп жатканын мекеме так айткан жок.

Адилет Али Мыктыбек бүгүн 30-майда Бишкектин Эски аянты жактан “Фейсбук” аркылуу жүргүзгөн чакан түз эфирдеги видеосунан ага өзүн “Биринчи Май райондук ИИБ” деп тааныштырган бир адам барганын, блогер “Мен уюштуруучу эмесмин, бирок мен митингди тартып…” деген сөзүнөн кийин эфир токтогонун көрүүгө болот.

Блогер, көз каранды эмес Next TV телеканалынын кызматкери Адилет Али Мыктыбек ушул эле иш алкагында быйыл 11-апрелде да суракта болгон. Суракта ага Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгени белгилүү болгон.

Быйыл 3-мартта УКМК "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, Next TV телеканалдын директорун камакка алган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Бүгүн Эски аянтта ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппаратка каршы акциясы өтүүдө. Ушундай эле пикет Талас шаарында да өтүп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG