Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

“Кумтөр Голд Компани” Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысына жооп берди


Кумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт.
Кумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун карьердин маанилүү делген аймагынан жарака кеткенине байланыштуу кен казуудагы план толбой калышы мүмкүн деген пикирине жооп берди. Билдирүүдө ишкана "карьерди көрбөй туруп чечим чыгаруу туура эмес" экенин белгилеген.

"Кумтөр Голд Компани" эл аралык эксперттерге таянып, карьердеги деформация жумуш жүрүп жаткан аймакка жетпей турганы жана иш токтоп калуу тобокелчилиги жок деп эсептейт. Бирок кенде татаал кырдаал түзүлгөнүн белгилеп, адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо менен планды аткарууга аракет көрүлөрүн айткан.

Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков “Азаттыкка” комментарий берип жатып, Кумтөрдүн “Борбордук” карьеринде 20 жана 21 деген эки участокто кен казылып жатканын жана алтындын көбү ушул жерден өндүрүлө турганын айткан болчу. Ал эгерде жакын арада кен казуу жанданбаса, быйыл пландалган алтын көлөмү өндүрүлбөй калышы мүмкүн экенин билдирген.

Бир апта мурун Кумтөр кенинде “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышынын тездешин мекемелер аралык комиссия иликтеп жатканы белгилүү болгон.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG