Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 14:14

Тажикстанда дрон чыгаруучу ишкана ачылды


Тажик президенти Эмомали Рахмондун Хатлон облусундагы чек ара бөлүгүнө сапары, 26-май 2022-жыл.

Тажикстанда Ирандын аскердик дрондорун чыгара турган ишканасы ачылды. Бул чечим Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө Түркиянын учкучсуз учактары келип жаткан учурда кабыл алынды. Дүйшөмбү менен Тегерандын аскердик кызматташтыгынын мааниси эмнеде? Чөлкөмдүн чет элдик дрондор менен куралданышы эмнени туюнтат?

Ирандын "Абабил-2" аскердик дрондорун чыгара турган ишкананын ачылышы 17-майда Дүйшөмбү шаарында өттү. Ага Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо баштаган жогорку даражалуу аскердик жетекчилер катышты.

Associated Press жаңылыктар агенттиги жазгандай, Тажикстан Ирандын аскердик техникасын чыгара турган биринчи чет мамлекет болуп калды. Багери Дүйшөмбүдө дрон чыгаруу чечимин эки өлкөнүн кызматташтыгындагы "бурулуш учур" деп мүнөздөгөнүн Ирандын мамлекеттик медиасы кабарлады.

"Биз азыр коопсуздукту бекемдөө жана тынчтыкты сактоо максатында тилектеш жана дос мамлекеттердин ички муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аскердик техниканы экспорттоого кудуретибиз жеткен абалда турабыз", - деп билдирген Багери.

Дүйшөмбүдөгү аскердик ишкананын ачылышы тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары байма-бай жазганы менен Тажикстандын расмий органдары жаңы дрон өндүрүшүнүн чоо-жайы, анын тажик армиясындагы болочоктогу орду тууралуу деталдуу маалымат тараткан жок.

Тажик мамлекет башчысынын сайты Иран армиясынын таасирдүү генералы Багери Дүйшөмбүдө президент Эмомали Рахмон менен да жолукканын, анда эки тараптуу алакадан тышкары коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланганын маалымдоо менен чектелди.


"Абабил-2" кандай дрон?

Janes аттуу глобалдык чалгын компаниясынын Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Жереми Бинни "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиргендей, "Абабил-2" дрондору Иран армиясында кеминде 15 жылдан бери колдонулуп келет.

Былтыр мындай дрондор Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусунун деңиз флотунун арсеналына да кошулган. Биннинин айтымында, "Абабил-2" дрондорунун "жалгыз куйруктуу", "кош куйруктуу", "сокку уруучу" же "чалгындоочу" деген сыяктуу бир нече түрү бар.

"Дрондордун чалгындоочу версиялары атайын камералар менен жабдылган. Чабуул коюучу моделдери дүрмөт менен кошо бутага барып урунат. Аны алыстан башкарса болот же уча турган жолун GPS аркылуу программалап койсо болот. Бул дрон рельстен ракета жандоочунун жардамы менен асманга көтөрүлөт же автоунаанын жардамы менен учууга керектүү ылдамдык ала алат", - деди эксперт.

Иран медиасы жазгандай, "Абабил-2" дрондору 200 чакырымга чейин аралыкта чалгындоо иштерин аткара алат же чабуул коё алат. 4 чакырымдай бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 75-120 мүнөттөй учуп жүрүүгө ыңгайлашкан. "Абабил" дрондорунун ылдамдыгы орто эсеп менен саатына 250 чакырымды түзөт. Адатта бул пилотсуз учактары дүрмөтү менен кошо бутага барып урунгандыктан аскердик адистер аларды "камикадзе дрондор" же "жанкечти дрондор" деп атап коюшат.

Эксперт Жереми Бинни Тажикстандагы заводдо "Абабил-2" дрондорунун кайсы түрү чыгарылары так эмес экенин, бирок Иранда бул дрондордон дагы күчтүүрөөк учкучсуз учуучу аскердик аппараттар бар экенин белгиледи.

"Мохажер-1" жана "Абабил-5" деген соңку моделдери жакшыраак. Алардын туруктуу чалгындоого мүмкүнчүлүк берген талаптагыдай электро-оптикалык системалары бар. Бул дрондор бутага курал менен чабуул кое алат. "Абабил-2нин" эң эле кызыктырган жагы - бул анын арзан болгону. Аны ракеталардын ордуна арзаныраак альтернатива же асмандагы бута катары колдонсо болот", - деди эксперт.

Эл аралык басылмалар жазгандай, соңку жылдары Иран "Абабил" дрондорун куралдуу кагылышуулар токтобой келе жаткан Йемендеги хусит козголоңчуларына берген. Терегандын бул сыяктуу учкучсуз аппараттары Жакынкы Чыгыштын башка аймактарындагы, анын ичинде Ливандагы, Ирактагы жана Сириядагы конфликттерде колдонулганы тууралуу кабарлар бар.

Ирандын учкучсуз учактарынын түрлөрү, 5-январь 2021-жыл.
Ирандын учкучсуз учактарынын түрлөрү, 5-январь 2021-жыл.

"Байрактарга" баланспы?

Эми Ирандын дрондорун чыгаруучу ишкананын Тажикстанда ачылышы Тегеран менен Дүйшөмбүнүн бир кезде солгундаган мамилесинин жакшырганынын кезектеги бир белгиси катары каралууда.

Эки өлкөнүн жаңы долбоору тажик-ооган чек арасында оңой эмес кырдаал өкүм сүрүп, Борбор Азиянын бир нече мамлекетине Түркиянын аскердик дрондору келип жаткан учурга да туш келди.

Тажикстан чөлкөмдөгү мамлекеттерден айырмаланып, Ооганстанда "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келишине ачык эле каршылыгын билдирип келет. 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй ок атылганы кабарланган. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп билдирген.

Тажикстандагы Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, талдоочу Шакиржан Хакимов чөлкөмдөгү бул сыяктуу жагдайлар Дүйшөмбүнүн Тегеран менен аскердик чөйрөдөгү соңку кызматташтыгына себепчи болуп жатканын "Азаттыкка" айтты.

"Чек аралаш аймактардагы аскердик-саясий кырдаалдын курчуп кетишин жана кыргыз тарапка Түркиядан кайсы бир заманбап курал-жарак алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн эске алуу менен Тажикстан бул жагдайларга адекваттуу реакция жасоону чечти. Натыйжада Тажикстан маданият, тил сыяктуу көптөгөн орток баалуулуктары бар Иранга кайрылып, заводду куруу тууралуу келишимге жетишти. Бирок биз Тажикстандын коңшулары менен, анын ичинде Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Кытай менен мамилеси жакшы болушуна кызыкдарбыз", - деди Хакимов.

Тажик эксперти айткандай, Кыргызстан былтыр Тажикстан менен чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжалдан көп өтпөй Түркиядан "Байрактар TБ2" дрондорун алган. Тоолуу Карабак сыяктуу конфликттерде аты көпчүлүккө таанылган бул дрондордун канчасы Бишкекке келгени ачык айтылган эмес.

Төрт ракета жана сапаттуу видео камералар менен жабдылган "Байрактар TБ2" дрондор 5,5 - 8 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 24-27 саатка чейин учуп жүрө алат. Узундугу 6,5 жана эки канатынынын узундугу 12 метрге чейин жеткен бул дрон 55-155 килограммга чейинки жүктү көтөрөт.

Президент Садыр Жапаров баштаган расмий жетекчилер Кыргызстанга алып келинген "Байрактар" дрондору менен таанышып жаткан учур, 2021-жылдын декабрь айы.
Президент Садыр Жапаров баштаган расмий жетекчилер Кыргызстанга алып келинген "Байрактар" дрондору менен таанышып жаткан учур, 2021-жылдын декабрь айы.

Апрель айында Тажикстан да "Байрактар" дрондорун чыгарган түркиялык "Байкар" компаниясы менен келишим түзгөнү тууралуу ар кыл маалыматтар Кыргызстанда түрдүү талкууга жем таштаган болчу.

29-апрелде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымат таратып, Тажикстандын “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлаган.

"Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт", - деп билдирген Кыргызстандын атайын кызматы.

Борбор Азияны кызыктырган дрондор

Кантсе да Тажикстандын дрон чыгаруу чечими соңку жылдары Борбор Азияда аскердик максаттагы учкучсуз аппараттарга кызыгуу артып баратканын күбөлөгөн кезектеги жаңылык болду. Былтыр сентябрь айында Түркмөнстан эгемендигинин 30 жылдыгына арналган аскердик парадда кеминде эки "Байрактарын" көрсөткөн. Кыргызстан Түркиянын дрондорунан тышкары Орусиянын көбүнесе чалгындоого ыңгайлашкан "Орлан" дрондорун да сатып алууну пландаган.

Быйыл январь айында Өзбекстан "Лочин" ("Ылаачын") деп аталган өзүнүн аскердик дрондорун чыгара турганын жарыялаган. Бир нече апта мурда эле Казакстан Түркиянын сокку урууга жана бомба таштоого, ошондой эле чалгындоого ыңгайлашкан ANKA деп аталган дрондорун чыгаруучу завод куруу тууралуу келишимге жетишкен. Бул аталган учкучсуз учактардын Түркиянын сыртында курулган биринчи базасы болуп калмакчы.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт Мурат Бейшенов ар бир мамлекеттин өзүнүн аскердик саясаты бар экенин эске салып, дрондорду сатып алууга ашкере ашыгуунун деле кажети жок экенин "Азаттыкка" айтты.

"Рахмон эми тажрыйбалуу да. Ал АКШ, Орусия, Кытай менен да, баары менен жакшы. Ал эми Иран үчүн бул коммерциялык жактан пайдалуу. Азыр баары эле дрондорун сатып жатат. Бирок дронго анча деле жүгүрбөш керек. Дронду атып түшүрүп коюп жатышат. Алардын эффективдүүлүгү жок. Украинадан канчасы кетти, Орусиядан канчасы кетти. Кыргызстанга дрон керек. Бизде бүт эле тоо да. Тажиктер дрондорду көбүнесе чалгындоо максатында көбөйтүп жатат. "Байрактар" же орусиялык дрондор сыяктуу сокку уруу үчүн эмес. Бизге да чалгындоо максатында керек", - деди Бейшенов.

Өзбекстандын "Лочин" дрондору.
Өзбекстандын "Лочин" дрондору.

Forbes басылмасы Ирандын дрондорун Дүйшөмбүдө чыгаруу чечими Борбор Азияда аскердик дрондордун мурда болуп көрбөгөн деңгээлде жайылып жатканын көрсөткөнүн жазды.

Басылма дрондорду сатып алуу же өндүрүү аракети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда канчалык деңгээлде жарыша куралданууга түрткү берери азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Эксперт Мурат Бейшенов чөлкөмдө кайсы бир деңгээлде куралдануу аракети байкалып жатканын четке каккан жок. Бирок ал эрегиш болбошу керектигин кошумчалады.

"Биз ЖККУнун мүчөбүз. Бири-бирибиз менен эрегишпешибиз керек. Бирок заманбап курал-жарактар кымбат. Ошондуктан дрондорго же ракеталарга каршы системалар керек. Жакшы ойлонуш керек. Жөн эле тигини алыш керек же муну алыш керек деп жарышуунун кереги жок. Ага көп каражат керектелет. Каражат жок. Антпей эле эмне керек экенин ойлонуш керек", - деди Бейшенов.

Тажикстандык талдоочу Шакиржан Хакимов ар бир өлкөнүн курал алууга же завод курууга акысы бар экенин, бирок ал аскердик техникалардын бири-бирине каршы колдонулушуна жол бербөө зарылдыгын айтты. Ал биринчи кезекте талаштуу чек ара тилкелерин тактоо сыяктуу маселелерге көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

"Конфронтациялык мүнөздөгү аскердик-саясий кырдаал басаңдашы үчүн соода-экономикалык жана маданий алака-катышты жакшыртуу керек. Айрым учурда чыга калып жаткан коркунучтардын тамырын кайсы бир жол менен кыркуу керек. Бул маселеде саясий эрк зарыл".

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тарап 19 жараны мерт болуп, 87си жабыркаганын билдирген.

Андан бери да эки өлкө чек арасында курал колдонулган окуялар токтоп калган жок. Быйыл 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыккан. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Бул жаңжалда Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап эки жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын маалымдаган.

Январдагы бул жаңжалда тажик тарап Кыргызстанды дрондорду колдонду деп айыптаган. Бирок расмий Бишкек бул маалыматтар негизсиз экенин билдирип, тескерисинче Тажикстан тарап учкучсуз учуучу аппараттарды пайдаланганын белгилеген. Жыл башындагы бул окуядан кийинки сүйлөшүүлөрдө эки тарап чек арада дрондорду колдонбоону макулдашканы кабарланган.

Макалада "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Майк Сколлондун макаласы колдонулду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG